WeChat      Избранное

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган иш-чара

05/04/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган иш-чара

30-март күнү Бишкек шаарынын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында мыкты саамалык болуп өттү. Бул күнү залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык иш-чара уюштурулуп, Жусуп Мамайдын замандаштарын, манас таануучуларды, кыргыздын белгилүү инсандарын бир арага чогултту. Саамалык Улуттук китепкананын жетекчилиги тарабынан өткөрүлүп, Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата өткөрүлчү иш-чаралардын башаты катары белгиленди. 

Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл 2018-жылы кытайлык кыргыз, залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы белгиленүү алдында турат. Бул саамалык Кыргызстан тараптан дагы жогорку деңгээлде даярдалып, өткөрүлмөкчү. 

Ал эми, Кытай Эл Республикасында дагы ушул жылы улуу манасчы Жусуп Мамайдын этно-комплексин курулуп, эстеликтери даярдалып, ачылуу алдында турат. Ал гана эмес, Пекин, Үрүмчү шаарларында жана Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунда дагы манасчынын 100 жылдык мааракесин белгилөө чечими кабыл алынып, азыркы тапта даярдык иштери кызуу жүргүзүлүүдө. 

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган иш-чара

Турганалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин: 

“ “Манастын” нарктуулугун, улуулугун Кытай Өкмөтү баалап, билип келет” 

- Жусуп Мамай атам тууралуу сөздү мен, алгач, Кытай Коммунисттик партиясына, Кытай Өкмөтүнө ыраазычылык билдирүү менен баштагым келип турат. Анткени, 1961-жылдан баштап Кытай жергесинде жалпы азчылык улуттардын элдик-оозеки чыгармачылыгын коргоо, маданий мурастарын сактоо боюнча кабыл алынган чечимдин арты менен, Кытай жергесинде кыргыздын руханий байлыгы болгон “Манас”эпосунун жылдызы жанды десем болот. 

Ушул багытта иш алып барган, атайын уюшулган топ, эл арасынан, карапайым дыйкан Жусуп Мамайдын талантын баалап, Пекинге чейин чакыртып, “Манас” айттырган. Кытай Өкмөтү Манастын нарктуулугуна, улуулугуна баа берип, аны жаздырып, изилдеп, жалпы коомчулукка таанытып алып чыкты. Мына, азыркы тапта, Кытай Өкмөтүнүн камкордугу менен Манас эпосун жалпы дүйнө таанып отурган учуру. 

“Манас” эпосун айтып, жазып калтырган Жусуп Мамайдын өмүрүн Кытай Өкмөтү камсыздоого алган. Ошонун алкагында, атамдын эмгеги дүйнөгө аты чыгып, Ала-Тоодо жакындан таанылып, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2013-жылы жарлык чыккан. Ушул жарлыктын негизинде “Мурас” фонду тарабынан 4 жыл удаа, эл аралык деңгээлде уюштурулган илимий-практикалык конференциялар өткөрүлдү. Быйыл дагы ушундай иш-чара өткөрүлүүсү күтүлүүдө. 

Мен учурдан пайдаланып, Жусуп Мамайдын чыгармачылыгын жакындан изилдеп, бүт өмүрүн ушул ишке арнаган агай-эжелерге ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Алардын катарында “кыргыз уулу” аталган Ху Чжэнхуа, Адыл Жуматурду, Лан Йинг ж.б. мен сыйлаган, урматтаган улуу муундун өкүлдөрү бар. 

Мындан сырткары, ушундай мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп берген, “Манасты” барктаган Кытай Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасына, жалпы кыргыз элине рахматымды айтмакчымын. 

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган иш-чара

Кыяс Молдокасымов, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратына караштуу “Мурас” коомдук фондунун жетекчиси: 

“Жусуп Мамайга арналган илимий эл аралык конференциялар быйыл Кыргызстанда жана Кытай жергесинде өткөрүлөт” 

- Кыргыздын залкар манасчысы, Кыргыз Республикасынын баатыры Жусуп Мамай бабабыз быйыл жүз жашка чыгып отурат. Мына, бүгүн Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине арналган илимий конференция Улуттук китепканада башталып жатат. Алдыда дагы уланмакчы. 

Жусуп Мамайды Кыргызстанга жакындан таанытуу максатында биздин мурдагы президент Алмазбек Шаршенович 2013-жылы 30-апрелде манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо ишиндеги кошкон салымы тууралуу атайын жарлыгын чыгарган. Ошондо, ал өз сөзүндө: “Жусуп Мамайдын эмгегин, ишмердүүлүгүн, өмүр-баянын жалпы кыргыз элине кеңири таанытуу максатында беш жыл аралыгында ушул багыттагы иш-чараларды өткөрөлү”-деп, баса белгилеп айткан. 

Мына, ошол жарлыкка ылайык, “Мурас” фонду Жусуп Мамайга арналган өзүнүн илимий эл аралык конференцияларын өткөрүп келүүдө. Биринчи конференция 2014-жылы Талас жергесинде уюштурулуп, ага Кытайдан 20дан ашык окумуштуу, Кыргызстандын өзүнөн 30 дан ашык илимпоздор катышты. Экинчи конференция 2015-жылы Нарын жергесинде, үчүнчүсү 2016-жылы Жалал-Абад шаарында, төртүнчүсү болсо 2017-жылы Бишкек шаарында болуп өттү. 

Бул, Жусуп Мамайга арналган илимий эл аралык конференциялар ар дайым жогорку деңгээлде өткөрүлүп, кытайдын, кыргыздын, казактын ж.б. элдердин белгилүү окумуштууларынын башын бириктирип, өзүнүн максатына жетти десек болот. Анткени, ошол конференцияларга даярдалган окумуштуулардын илимий эмгектери “Мурас” фонду тарабынан топтомдор болуп басылып чыкты. Жалпысынан төрт жыйнак болду. 

Бул жыйнактарда Жусуп Мамайдын улуулугу дагы бир жолу даңазаланып, эскерилет. Ал эми, быйыл болсо илимий эл аралык конференциябыз Кыргызстанда жана дагы Кытай жергесинде уюштурулмакчы. 

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган иш-чара

Тургунбай Алдакулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук Маданий Борборунун жетекчиси: 

“ “Манас” операсын Кыргызстанга алып келип, элибизге тартууласак деп аракет кылып жатабыз” 

- Бүгүн Кыргыз Республикасынын баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп жатат. Бул абдан жакшы саамалык десем болот. 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги дагы быйыл Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде белгилөө багытында бир топ иш-пландарды белгилеп, даярдык көрүүдө. Өзүңүздөр билесиздер, жакында эле Кытай Эл Республикасында, улуу манасчыбыз Жусуп Мамайдын варианты боюнча даярдалган “Манас” операсы Кытай мамлекеттик театрынын артисттеринин катышуусу менен жогорку деңгээлде даярдалып, кытай көрөрмандарына сунушталды. 

Быйылкы жылдын алкагында, ушул “Манас” операсын Кыргызстанга алып келип, элибизге тартуулоо планынын үстүндө иштерди жүргүзүп жатабыз. Буюрса, элибиз дагы кытай актерлорунун эмгегине күбө болот деп ойлойм. 

Бүгүнкү иш-чара Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган саамалыктардын башаты гана. Алдыда, дагы көптөгөн кызыктуу иш-чаралар өткөрүлөт. 

Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналган иш-чара

Чолпон Субакожоева, тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу: 

“Залкар манасчы Жусуп Мамайдын батасын алып калгандыгым үчүн тагдырыма ыраазымын” 

- “Манас” эпосу эч кандай коомдук түзүлүшкө, саясий, диний агымдарга, экономикалык шартка көз каранды болбой турган кыргыздын мүлкү. Мен ага “Кыргыз улутунун канынан, жанынан, рухунан жаралган, кыргыз элинин элдүүлүгүн тааныткан эн тамгасы”-деп аныктама берээр элем. 

Ал эми, Жусуп Мамай тууралуу айта турган болсом, ал жөнүндө бизге чейин эле дүйнөнүн белгилүү окумуштуулары жазып, чыгармачылыгын изилдеп келишкен. Кытай Эл Республикасында Лан Йинг аттуу окумуштуу айым, бүт өмүрүн Жусуп Мамайга арнап, “Манаска жоромол” деген эмгегин жазып чыккан. Ошондой эле, биздин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын кытай жазма булактарынан таап берген белгилүү окумуштуу Ху Чжэнхуа дагы “Жусуп Мамай жана Жуңгодогу “Манас”” деген эмгегин жараткан. 

Алар менен катар эле, биздин кыргыз боордошторубуз, белгилүү илимпоздор Адыл Жуматурду жана Токон Ысак кызынын “Залкар манасчы Жусуп Мамай” деген көлөмдүү монографиясы бар. Алардын Жусуп Мамайды көргөн-билген замандаштары менен жолугушуп, Жусуп Мамайдын көзү тирүүсүндө документтерди тастыктап жазган китеби биздин кирилица тамгасы менен да басылып чыкты. Бул эмгек, биздин манас таануучуларыбыз үчун дагы баалуу табылга. Ошондой эле, бул китеп жапон, англис, кытай тилдерине которулуп, окурмандарга тартууланды. 

Мен 16 жолу Кытай жергесине барып “Манасты” изилдеп, залкар манасчы Жусуп Мамайдын батасын алып калгандыгым үчүн тагдырыма ыраазымын. 

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУН / Редактор:GL)