WeChat      Избранное

Өткөн күндөргө сереп-2017-жыл

04/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Өткөн күндөргө сереп-2017-жыл

5-январь күнү КРнын президенти Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки мамлекеттин ар тармактардагы кызматташтык алакасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

“Убакыт учкан куш” деп бекеринен айтылбаса керек. Мына, көз ачып жумганча, 2017-жыл өз сапарын карытты. Биздин гезит ушул жыл ичи дагы сиздерге кыргыз, кытай маданиятын жакындан таанытуу менен бирге, эки элдин алакасын, достугун бекемдеген маалыматтырды чагылдырып келди. Муну менен катар, эки элдин ынтымагын, кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошкон атууларыбыздын дагы маектери гезит бетинде жарык көрүп жатты. 

   2017-жылы кандай маанилүү окуялар болуп өттү? Ушул багытта, гезит бетине жарыяланган макалаларга бир сыйра сереп салып, толугу менен бере албасак да, негизгилерин окурмандардын эсине салууну чечтик.  

Январь айы-Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилесине 25 жыл 

   2017-жылдын январь айы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытай жергесине болгон иш сапары менен башталды. 5-январь күнү КРнын президенти Пекин шаарында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки мамлекеттин ар тармактардагы кызматташтык алакасы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул маалымат “Кыргызстан жана Кытай: кызматташтык миссиясы өнүгүү жолунда” аттуу материалда 11-январда толугу менен чагылдырылды.

  Кыргыз Республикасынын президенти Кытай жергесинде болгон жумушчу сапарында Кытай Эл Республикасынын  Коммерция министри Гао Хучэнди эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташтык алакасын чыңдоого кошкон салымы үчүн “Данакер” ордени менен сыйлады. 

  16-январь күнү жалпы Кыргызстан элинин кайгысына айланган трагедия болду. Бул күнү таңга маал “Манас” аэропортунун жанында жайгашкан Дача-Су аймагына 120 миң тоннанын тегерегиндеги оор салмактагы Боинг 747-400 кулап түшүп, бир көз ирмемде ондогон адамдардын өмүрүн алып кетти. 

“Кыргызстан жана Кытай: дипломатиялык байланышына 25 жыл” аттуу макала гезитибиздин 18-январь күнкү чыгарылышына жарыяланды. 2017-жылдын 5-январында Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 25 жылдыгы белгиленди. Эки мамлекеттин акыркы 25 жылдагы кызматташтык алакасы тууралуу Кыргызстандын чыгаан атуулдары өз ой-пикирлерин билдиришти. 

  18-январь күнү, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеевдин “Өнүккөн мамлекеттердин ички дүң продукциясы 1%, 1,5%ды түзсө, Кытайдын ички дүң продукциясы бир мезгилдерде 20%га чейин жеткен” аттуу маеги жарык көрдү.

Февраль айы

  17-февраль күнү Туризмди өнүктүрүү маселелерин караган ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул жыйында, Улуу жибек жолу кесип өткөн мамлекеттер менен биргеликте туристтик турларды иштеп чыгуу сунушу талкууланды. 

  22-февраль күнкү гезиттин чыгарылышында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев менен болгон маек жарык көрдү. Бул маекте Кыргызстан-Кытай алакасынын экономика тармагындагы кызматташтык абалына сереп салынып, Эркечтам, Торугарт өтмөктөрүнүн мааниси талкууланды.

Март айы

  28-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Инвестиция жана макроэкономика саясатын координациялоо кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул иш-чара “Кытай гранттарынын арты менен  Оштон Балыкчыга чейин 6 саатта гана жетүүгө болот” аттуу макалада толугу менен чагылдырылды.

Ош шаарында “Жибек жолу-2017” аттуу 13-Эл аралык айыл-чарба продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси болуп өттү.

  15-марттагы гезиттин чыгарылышында “Кыргызстан Евразияны өздөштүрө баштады: Улуу жибек жолунун өнүгүүсүнө жаңы дем” аталышындагы макала жарык көрдү. 

Гезиттин ушул эле санында, “Кытай инвестиция жана соода-сатыкты либерализациялоо процессин илгерилетүүдө” аттуу макала чыкты. Бул макала “Жэньминь жибао” гезитинин корреспонденти Чжао Чэн тарабынан даярдалып, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Шанхай жергесинде болуп өткөн “Эки сессияда” жыйынында окуган докладынын негизинде жазылды. 

  22-март күнү чыгарылган гезиттин саны толугу менен “Нооруз” майрамына арналып чыгарылды. Нооруз майрамы күнү биздин редакция жамааты Ыкчам иликтөө кызматтарынын ардагерлерин майрамы менен куттуктап, кайрымдуулук акциясын уюштурду. 

Апрель айы

“Жибек жолунда Ош өнүккөн борбор болмокчу” аттуу маек 12-апрель күнү жарык көрдү. Бул интервьюну Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев берип, Ош шаарынын Кытай Эл Республикасы менен болгон алакасы тууралуу кенен ой бөлүштү. 

  “29-апрель” бул күн жалпы Кыргызстандын траур күнү болуп калды. Себеби, дал ушул күнү Ош облусунун Өзгөн районунун Аюу айылын жер көчкү каптады. Бул тууралуу жер көчкүнү өз көзү менен көргөндөр айтып беришти. 

Май айы-“Бир алкак-бир жол” эл аралык 1-форуму болуп өттү 

  1-майда, Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев биздин гезитке интервью берүү менен бирге, “Жибек жолундагы экономикалык алкак-кызматташтыкты интенсификациялоо” форуму тууралуу маалымат берип, анын эки мамлекет үчүн мааниси жөнүндө кенен айтып берди. 

“Кыргызстан: келечектеги ресурстар” аттуу конференция болуп өттү. Бул тууралуу “Кытай жана Россия – Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү эки канат” темасында толугу менен талкууланды.

  14-15-май күндөрү Пекин шаарында “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде, эл аралык кызматташуунун 1-форуму болуп өттү. Бул иш-чара абдан жогорку деңгээлде даярдалып, 30дун тегерегинде мамлекет башчылары катышты. Алардын арасында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев дагы катышып, Кытай жергесинде бир нече маанилүү жолугушууларды өткөрүп келди. 

Гезиттин 17-майда чыккан санында “Кыргызстан Санариптик Жибек жолу демилгесин колдойт” аттуу макала жарык көрдү. Муну менен катар Кыргызстандын жетекчилиги Пекин жергесиндеги болгон жумушчу сапарында бир нече жеке демилгелерин дагы сунушташты. 

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев менен болгон маек. “ “Бир алкак-бир жол” форуму узак мөөнөттүү кызматташуунун келечегин түздү” аттуу теманын алдында, Кыргызстан-Кытай мамилелеринин экономика багытында кенен маалымат берилди. 

  24-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зиядин Жамалдиновдун “ “Бир алкак-бир жол” стратегиялык концепциясы, Кыргызстан жана Кытайдын кызматташуусу үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алып келет” аттуу маеги жарык көрдү. 

““Бир алкак-бир жол” эл аралык форуму – Кыргызстанга ачылган мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы макалада Кыргызстандын атуулдары бул форум тууралуу өз ой-пикирлерин билдиришти. 

  31-майда Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиевдин Улуу жибек жолун бойлой бирдиктүү маалымат борборун түзүү сунушунун тегерегинде болгон маеги жарык көрдү. 

Өткөн күндөргө сереп-2017-жыл

14-15-май күндөрү Пекин шаарында “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде, эл аралык кызматташуунун 1-форуму болуп өттү.

Июнь айы

  2017-жылдын 8-9-июнунда Казакстандын борбору Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өлкө башчыларынын 17-жыйыны болуп өттү. Бул саммиттин башкы жетишкендиги-Индия жана Пакистан өлкөлөрүнүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кириши болду.  

Филология илимдери боюнча Жуңго кыргыздарындагы тунгуч доктору, «Манас» изилдөөчү, адис котормочу, коомдук ишмер Адыл Жуматурдунун: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам” аталышындагы кызыктуу маеги чыкты. 

Июль айы

  Кыргызстанда “Искра Азия” масштабдуу агропаркынын курулушу башталды. 

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин “Кытай ар качан Кыргызстанда тынчтык болуусун каалайт” аттуу маеги жарык көрдү.

Кыргызстанга Үрүмчү жергесинен кытай дарыгерлери келди. Бул тууралуу “Кытай дарыгерлери Кыргызстандагы кесиптештери менен кызматташууга даяр” аттуу макалада толук маалымат берилди.

  20-июль күнү КРнын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев менен Жибек жолу фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы Ян Цзэцзюндун жолугушуусу болуп өттү. Бул жолугушууда “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде Кыргызстан-Кытай өнүктүрүү фондун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

  “Манас” эпосунун изилдөөчүсү, профессор Мамбеттурду Мамбетакун, “Биздин “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” Кыргызстан менен тыгыз байланышта” аттуу интервьюсунда өзү жетектеген “Синьцзян “Манас” изилдөө борборунун” ишмердүүлүгү тууралуу маек куруп берди.

Август айы

   29-июль күнү Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Кытай Элдик боштондук армиясынын 90 жылдык мааракесине карата салтанаттуу кабыл алуу болду. 

   Гезиттин 2-августундагы чыгарылышында ““Көчмөндөр цивилизациясы борбору” Кыргызстандан орун алды” аттуу макала жарык көрдү. Бул макала Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдердин эл аралык форумунун негизинде жазылды.

  “Оймо 2017” фестивалынын алкагында “Улуу Жибек жолу” кербени Борбордук Азиядагы кол өнөрчүлөрдү бир арага чогултту. 

Мунайзат иштетүүчү “Джунда”заводун Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын делегациясы келип көрүп кетти. 

Кытай геологиялык кызматынан түзүлгөн атайын топ Кыргызстандагы кытай инвестициялык ишканалары менен конференция өткөрдү. 

Кыргыз-кытай кино режиссерлерунун алгачкы, чогуу кино тартуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул келишимдин негизинде, “Ли Бону издөө” аттуу тасма тартылмакчы. 

  18-август күнү Бишкек шаарында “Кытай (Хайнань)-Кыргызстан (Бишкек), жергиликтүү өндүрүштүн артыкчылыктары менен тааныштыруу 2017” аттуу иш-чара уюштурулду. Бул иш-чара КРнын соода-өнөр жай палатасы жана Хайнань аймагынын ишкерлер өкүлдөрүнүн демилгеси менен өткөрүлдү. 

  21-август күнү тоолуу Нарын облусунун Нарын шаарында “Нарын-Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!” аттуу 5-Эл аралык инвестициялык форум өткөрүлдү. 

  Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык майрамына карата “Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул-чыныгы бакыт” аталышындагы макала жарык көрдү.

  Физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиевдин “Кыргызстан Жибек жолу менен ишенимдүү түрдө алдыга карай кадам таштоосу керек” аттуу маеги жарык көрдү. 

  24-26-август аралыгында Бишкек шаарында “Улуу Жибек жолунун товарларынын 3-көргөзмөсү” болуп өттү.

  30-август күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Улуттук энергетика холдинг компаниясынын төрагасы, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа, ТВЕА компаниясынын жетекчилери Бишкек шаарынын ЖЭБ жаңы энергоблокторунун башкы корпусунун ачылыш аземине катышышты.

Сентябрь айы

   6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен болгон маек жарык көрдү. “Нарын аймагынын эт азыктарына жана балына кытай рыногунда суроо-талап көп” аталышындагы интервьюда аймактын Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтыгы тууралуу кенен маалымат берилди. 

  13-сентябрь күнү, 1980-1986-жж. аралыгында Киргизиянын Тышкы иштер министри, Министрлер Советинин Төрагасынын орун басары кызматын аркалаган Жамал Ташибекованын “Мен ар дайым улуттар аралык достукка өз салымымды кошууга аракет кылып келгем” аттуу маеги жарык көрдү. 

  12-сентябрдан 14-сентябрга чейин Ош шаарында “Түштүк-Экспо 2017” аттуу Эл аралык көргөзмө-жарманке болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан ишкерлери катышып, өз продукциялары менен келген конокторду тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Өткөн күндөргө сереп-2017-жыл

Татыктуу тандоо-Сооронбай Жээнбеков.

Октябрь айы-татыктуу тандоо-Сооронбай Жээнбеков 

  11-октябрда Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловдун “Биздин чөйрөдөгү инвесторлордун басымдуу бөлүгү кытай компанияларына таандык” аттуу маеги жарык көрдү. 

  “Биз кытай ишкерлерине жаңы багыттарды сунуштай алабыз” аталышындагы маек Кыргыз Республикасынын Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев менен курулду. 

  15-октябрь күнү кечинде Кыргыз Республикасынын президенттигине болгон шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын билдирүүсү боюнча 55% добушка ээ болуу менен Сооронбай Жээнбеков жеңишке ээ болду.

  18-октябрь күнү гезит бетине ““Манас эпосун кытай эли опера аркылуу тааныды” аталышындагы макала жарык көрдү. Бул жерде, кыргыздын чыгаан манасчылары дагы өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү. 

  18-октябрь күнү Пекин шаарындагы Элдик жыйындар үйүндө Бүткүл кытай боюнча 19-комунисттик партиясынын съездинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиевдин “Кытай чоң бийиктиктерди багынтмакчы” аттуу маегинде кенен маалымат берилди.  

  КЭРнын “Тил жана котормо” журналынын башкы редактору, филология илимдеринин доктору, профессор Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулунун “Кытай жазма булактарынан кыргыз тарыхын тактоого болот”аттуу маеги 25-октябрда жарык көрдү.

Өткөн күндөргө сереп-2017-жыл

Ноябрь айы

  1-ноябрда “Кытай Эл Республикасынын КРсындагы элчилиги Кыргызстандын балдарына жардам көрсөтөт” аттуу макала окурмандарга тартууланды. Бул макалада Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуа Милянфан айылындагы “Белочка” балдар бакчасына конокко келгендиги тууралуу айтылат. 

  Бишкек шаарында кытай адабиятынын кыргыз тилине которулган “Шанс” аттуу китептер дүкөнүнүн ачылышы болду. 

  11-ноябрь күнү гезит бетине КРнын ЖКнин депутаты Каныбек Иманалиевдин ““Жибек жолундагы экономикалык алкак” демилгеси Кытайды дүйнөлүк күчтүү держава катары статусун дагы да бекемдеди” аталышындагы маеги чыкты. 

  15-ноябрь күнкү гезиттин чыгарылышы толугу менен “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинин 2 жылдык мааракесине арналды. 12-ноябрь күнү Бишкек шаарынын белгилүү ресторандарынын биринде гезит жамааты сыйлуу конокторун тосуп алуу менен бирге, куттуктоолорду кабыл алды. 

  “Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты” темасынын тегерегиндеги маек, Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов менен болду. 

  “Жөнөкөй жашасаң мейли, бирок маанисиз жашаба, уулум” аталышындагы макала 22-ноябрда гезит бетине чыкты. Бул макала чыгаан манасчы Жүсүп Мамайдын чөбүрөсү Турганаалы Турсунаалы уулу Жүсүп Мамайтегиндин “Бабамдан баян” аттуу китебинин бет ачаар аземинен алынып жазылды. 

  4-ноябрдан 14-ноябрга чейин Кытай Эл Республикасынын Ланфан шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер арасында “Ширетүү жумуштары боюнча” эл аралык конкурс болуп өттү. Кыргызстандын атынан барган беш ширеткич, биздин мамлекетти татыктуу таанытып, коло, күмүш жана алтын медалдарды тагынып келишти. 

  29-ноябрда белгилүү кытай профессору, түрколог-этнограф Ху Чжэньхуанын “Кыргыз тилинде баарлашуу көнүмүш адатка айланган” аттуу маеги жарык көрдү.  

Декабрь айы

  7-декабрь күнү Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 80 жылдык мааракесин белгиледи. 

  13-декабрь күнү гезитке “Сооронбай Жээнбеков-Кыргызстан үчүн мыкты тандоо” аталышындагы макала жарыяланды. 

  15-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясында 3-Дүйнөлүк “Көчмөндөр оюнуна” даярдануу иштерине байланыштуу “Старт күнү” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу маалымат “Улуттун баалуулугун дүйнөгө тааныткан “Көчмөндөр оюндары”” аттуу макалада толук жарыяланды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)