WeChat      Избранное

“Бишкек Инвест Форум” – ишкер менен инвестордун жолугушуу аянтчасы

13/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Бишкек Инвест Форум” – ишкер менен инвестордун жолугушуу аянтчасы

6-декабрда Бишкек шаарында “Бишкек Инвест Форуму” болуп өттү. Бул форум быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүүдө. Аталган форумга өлкөбүздүн баардык региондорунан келген ишкерлер гана эмес, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Түркия, Германия жана Сингапурдан ишкерлер катышышты.  “Бишкек Инвест Форуму” ишкерледин  бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашып, тыгыз байланышууга  чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүн  баамдадык. 

“Бишкек Инвест Форум”  – бул чакан жана орто бизнес, ири бизнес, ички жана сырткы инвесторлор, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, б.а. бизнес коомчулугу бири-бири менен жолугуша турган аянтча. Форумдун жүрүшүндө ийгиликтүү жана перспективдүү инвестициялык долбоорлор инвесторлорго сунушталып, катышуучулар экономика жана бизнес чөйрөсүндө болуп жаткан тренддерди, өзгөрүүлөрдү талкуулап, ишкер чөйрөдөгү жарандарга өз ара кызматташтыктын жаңы багыттары ачылат. 

“Бишкек Инвест Форум” – ишкер менен инвестордун жолугушуу аянтчасы

Быйылкы жылы Бишкек инвестициялык форумунда   200 долбоордун ичинен тандалып алынып, бизнес жана инвестициялык аналитиктердин жардамы менен толукталып иштелип чыккан мыкты инвестициялык долбоорлор сунушталды. Бул долбоорлордун ичинде айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспортко багытталган товарларды өндүрүү, кызмат көрсөтүү, курулуш жана башка перспективдүү тармактары бар. Үч жылдан бери өтүп келаткан “Бишкек Инвест Форумдун” жыйынтыгы менен 500000 ( $) доллар  суммадагы инвестициялык келишимдер түзүлсө, 1 жылдан кийин эле бул көрсөткүч 3 млн. долларга  жеткен. “Бишкек Инвест Форум” аянтчасында көптөгөн ишкерлер өздөрүнө өнөктөш таап, учурда биргеликте иш алып баруу менен капиталга инвестиция, лизинг, стратегиялык өнөктөштүк өңдүү финансылык инструменттерди жайылтуу менен Кыргызстанда инвестициялык рынокту калыптандырууда.

Нурбек Масалиев, жаш ишкер: “Кыргыздын курутун Кытайга экспорттосок дейбиз”

- Мирбек,  “Бишкек Инвест Форумга” кош келипсиз. Жаш ишкер катары бул форумга канчанчы жолу катышып жатасыз? Сиз бул иш-чарадан келечекте эмнени күтөсүз? 

- Менин ишканамда эмгек жамаатым менен 5 жылдан бери курут жасайбыз. Бул убакыт аралыгында көптөгөн кыйынчылыктарды басып өттүк. Болгону алдыга, коңшу жана чет мамлекеттерге чыгуу гана калды. Негизи биз экспортко чыгууга өнөктөш издеп жатабыз. Көптөгөн өнөктөш менен кызматташып, тажрыйба алсак дейбиз. 

- Сиз презентацияда Кытайдан курутка талап көбүрөөк бар деп  айтпадыңызбы. Ошол жөнүндө кенен маалымат берсеңиз?

- Кытайда СУАРда жалпы 50 миллион калк жашайт экен. Үрүмчүдөн бизге курутту чексиз жана дүңүнөн алабыз деген сунуштар болууда. Биз болсо Кытайга экспорттогубуз келет. Эми бизде азырынча логистикалык борборлор жок болуп жатат. Логистикалык борбор курулса, биз курут өндүрүүчүлөр жок дегенде 500 млн. сом киреше менен экспорт аркылуу көбүрөөк акча тапмакпыз.

- Эгерде логистикалык борбор ачылса, анда Кытай өлкөсү алгачкы кардарыңар болот экен да? 

- Ооба. Азыр деле Кытайга сатып турабыз, бирок азыраак санда. Анын үстүнө  ЕАСтин талабы боюнча, август айынан  бери токтоп калдык. Экспортко чыгара албай калдык. Биздин Кыргызстанда миллионго чукул адам курут өндүрөт, демек,  бизде чоң күч бар. Эгер биз ушул чоң ресурсту туура колдонсок, бизде ошол чоң күч менен мамлекетти өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз абдан чоң.

Нургазы Исаков, Ош мамлекеттик Финансы жана Юридикалык колледжинин директору: “Форумдан кеңири маалымат алып, бизнес чөйрөсүно өз салымыбызды кошобуз”  

- “Бишкек Инвест Форумга”  эмне максат менен келдиңиздер? Бул ЖИА агенттигинин  иш-чарасын кандай баалайсыздар?

- Биз Ош Университети ЖИА ( Жаш Ишкерлер Ассоцияцисы) менен буга чейин дагы кызматташып келе жатабыз. Аткарган иштеринин эң  негизгиси бул –  “Бишкек Инвест Форум” болуп эсептелинет. Буга чейин биз студенттерибизди ыктыярчы жана котормочу катары жөнөтүп турдук. Студенттерибиздин арасынан англисче, орусча , кытайча жана арабча билгендери бар. Бул ишкерлер ассоциациясындагы иштерге аралашуу менен биздин студенттерибиздин келечекте өсүшүнө алдыга жасаган чоң кадамдары  болуп эсептелет. Мындан сырткары, бул жерден маалымат алуу менен бирге чыныгы бизнеске өзүбүздүн  салымыбызды кошолу деген тилегибиз бар. Бизден кандай жардам болот жана алардан биздин студенттер кандай тажрыйба үйрөнө алат, кандай реалдуу кадамдар жасалып жатат ж.б. Биз ушуга окшогон пайдалуу  маалыматтарды алмашуу максатта келип отурабыз.

“Бишкек Инвест Форум” – ишкер менен инвестордун жолугушуу аянтчасы

- Жаш ишкерлерге жаңыдан иш баштап жатканда эмнелер тоскоолдук кылат ? Эмне жеңилдиктер бар? Сиз буга экономист катары кандай кеңеш айта аласыз?

- Биз 2015-жылдан бери ЖИА агенттиги менен кызматташып келе жатабыз. Жаш ишкерлерге болгон тоскоолдуктарга буга чейин анализ жасап көрдүк. Мына, 15 эле күн болду, болгондо дагы финансы полициясы тарабынан мыйзамдуу актылар өзөртүлдү.  Мисалга айтсак: кайсы жерде болбосун ишкерлердин жөнөкөй эле кезекте турууларын  жоюуга иш-чара колодонушу керек эле. Азыр тоскоолдуктарды жоюу боюнча дагы көптөгөн иш-аракеттер болуп жатат. Мындан кийин бийлик тараптагы өкүлдөр менен жөнөкөй ишкерлердин ортосундагы тоскоолодуктарды жоюу боюнча аракеттер күчүнө кирет деп ишенебиз.


(Автор:Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)