WeChat      Избранное

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!

13/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине 80 жыл!

7-декабрь күнү Бишкек шаарында эң мыкты саамалык болду. Кыргызстандын маалымат айдыңынын өзөгүн түзүп, өнүктүрүп келген Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги 80 жылдык маарекесин өткөрдү. 

1937-жылдан бери кыргыз элине кызмат кылып, дүйнөлүк маалымат айдыңында Кыргызстандын жүзү болуп, кадыр-баркка ээ “Кабар”, өзүнүн туулган күнүн жакын санаалаштары, кесиптештери, достору жана өнөктөштөрү менен биргеликте белгиледи. 

Күндүн биринчи жарымы, Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 80 жылдык мааракеге арналган “Маалыматтын ишенимдүүлүгү эң маанилүү” аттуу практикалык конференция менен башталды. Агенттикти маарекеси менен куттуктоо үчүн президенттин, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ЖМК кызматкерлери келишти. 

Бир катар министрлик  жана мамлекеттик ведомстволор куттуктоолорунан сырткары, “Кабар” агенттигинин жетекчилигине, кызматкерлерине эл алдында аткарган ак кызматы үчүн Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарын тапшырышты.

Ал эми, саамалыктын экинчи бөлүмү, ушул эле күнү кечинде, Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде уланды. Ал жактан дагы, “Кабарчылардын” дарегине каалоо-тилектер айтылып, белектер тартууланып жатты. 

Салтанат эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, Кыргыз эстрада жылдыздарынын; Асель Айдарова, Урмат Усенов, Неля, Нурлан Намазбеков, Галина Дебуля, Алмаз Истамбаев, Айя Садырова, Адиль Кайыпов, “Азия-Нур” бий тобунун коштоосунда өттү. Маараке толугу менен коноктордун купулунуна толуп, меймандарына мыкты маанай тартуулай алды. 

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа мырза дагы, конференцияда “Кабар” агенттигин куттуктады.

Кубанычбек Таабалдиев, Кыргыз улуттук “Кабар” мааалымат агенттигинин жетекчиси: 

“Биздин улуттук маалымат агенттиги, Кыргызстанды дүйнө элдерине татыктуу таанытып келет” 

- Бүгүн биз“Кабар” маалымат агенттигинин түзүлгөндүгүнө арналган 80 жылдык мааракесине чогулуп отурабыз. Бул абдан маанилүү күн. Себеп дегенде, Кыргызстандын тарыхы менен кошо келе жаткан маалымат агенттигинин 80 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. 

Улуттук маалымат агенттигинин басып өткөн жолу, Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланышта. 80 жылдык биздин жашообузда, турмушубузда кандай гана окуялар болуп өтбөсүн, аны так жана  ишенимдүү чагылдырып берип, бүгүнкү күнү дагы элине ак кызматын өтөп келет.

“Кабар” улуттук агенттиги мамлекеттик атрибутиканын катарында турат жана буга көптөгөн тарыхый фактылар күбө: улуттук агенттиктин калыптанышы менен дүйнө мамлекетти өз алдынча саясий бирдик катары тааныды. Бүгүнкү күнү агенттик маалыматтын ишенимдүүлүгү боюнча өлкөнүн башка ЖМКлары менен бир катарда турат жана аны жайылтууда ыкчам иш жүргүзүүдө.

Учурда, улуттук ЖМК Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар тууралуу ишенимдүү жана так маалыматтарды жайылтуу менен дүйнө жүзүн камтыган анча көп эмес медиа уюмдардын бири болуп саналат. Акыркы жылдары “Кабар” улуттук агенттиги дүйнөлүк деңгээлде, дүйнөлүк масштабда өзүнүн берген маалыматы менен Кыргызстанды даңазалап келет.

“Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси өз сөзүн сүйлөп, мааракенин ачылышын жасаган соң, келген меймандардын куттуктоосун угууга кезек келди. 

Алгачкылардан болуп Мамлекет башчынын куттуктоо сөзү менен КР Президенттик аппаратынын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Болотбек Жумабаев тааныштырды. 

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!

Бул күнү, тартууланган белектер көп болду. 

Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын президенти: 

““Кабар” мезгил талаптарына ылайык өз милдетин татыктуу аткарууда” 

- Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын арасында өзгөчө орун ээлеп, эл аралык деңгээлде да таанымал.

1936-жылы СССРдин курамында Кыргызстан республика макамына ээ болуп, өзүнүн туусун, гербин жана гимнин кабыл алгандан кийин, 1937-жылы “КыргызТАГ” аты менен таанымал маалымат агенттигин түзгөн. Ошондон бери маалымат агенттиги өлкөбүз менен бирге кадам шилтеп, республикабыздын коомчулугуна жана эл аралык аренага оперативдүү жана объективдүү маалыматты жеткирип келет.

Кылымдар оошуп, заман жаңыланганы маалымат каражаттарынын милдети дагы өзгөрдү. Жаңы шарттарда да “Кабар” мезгил талаптарына ылайык өз милдетин татыктуу аткарууда. Жаңы технологияларды колдонуу менен, ондогон мамлекеттердин маалымат каражаттары, алардын арасында Россиянын ТАСС, Беларустун “БелТА”, Казакстандын “Казинформ”, Кытайдын “Синьхуа” өңдүү таанымал агенттиктери менен тыгыз иш алып барууда.

Учурда дүйнөдө маалыматтын баалуулугу күн өткөн сайын өсүп баратат. Ушул жагдайды эске алуу менен агенттик мультимедиалык ыкмаларды колдонуп, өзүнчө телестудия ачканы, алты тилде чет элдик окурмандарга – болочоктогу инвесторлорго, анын ичинде кытай жана араб тилдүү ишкерлерге Кыргызстан тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзгөнү жакшы саамалык. “Кабар” ар дайым мезгил менен үзөңгүлөш жүрүүгө милдеттүү.

Кыргыз улуттук маалымат агенттиги кылымга тете тарыхында калыптанган жакшы салттарын татыктуу улантып, тактыгы жана обьективдүүлүгү менен алдыңкы сапта болуп, маалымат мейкиндигиндеги Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде татыктуу алып жүрөт деп ишенем.

Агенттиктин кызматкерлерине чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. 

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!

Куттуктап келгендер, “кабарчыларды” төш белги менен дагы сыйлап жатышты.

Сяо Цинхуа, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси: 

“Элчилик Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигин ар дайым колдойт жана аны менен ар тараптуу кызматташууга дайым даяр”  

- Бүгүнкү Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Бул абдан маанилүү саамалык, анткени “Кабар” бирден-бир мамлекеттик маалымат агенттиги болуу менен бирге, кыргыз элинин, Кыргызстандын жашоосунда дагы абдан маанилүү орунду ээлеп келет. 

Бардыгыңыздар билгендей, Кытай Эл Республикасы Кыргызстан менен болгон кызматташуу алакасында маалымат тармагына дагы өзгөчө көңүл буруп келет. Бул өңүттөн алганда, “Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстан-Кытай алакасындагы байланышты өөрчүтүүдө негизги орунду ээлейт.

“Кабардын” сайтында “Кытай терезеси” аттуу атайын рубрика ачылган. Ушул рубриканын жардамы менен кыргызстандыктар Кытай Эл Республикасында болуп жаткан окуялар, жаңылыктар менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Кытай тараптын колдоосу менен “Кабардын” официалдуу сайтына кытай тилиндеги маалымат баракчасы пайда болду. Алдыда дагы, биз улуттук маалымат агенттиги менен кызматташтык алакабызды бекемдеп, тажрыйба алмашуу, эки элдин маалымат каражаттарынын ортосундагы мамилени өркүндөтүүнүн үстүндө тыгыз иш алып бармакчыбыз.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги улуттук маалымат агенттигин ар дайым колдойт жана аны менен ар тараптуу кызматташууга дайым даяр.

Мааракеңиздер кут болсун!    

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!

 Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев сөз сүйлөө учурунда.

Чэн Юн, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин башкы директору: 

“Кыргыз улуттук “Кабар” агенттигинин Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда салымы зор” 

- Алгач, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биздин гезиттин Кыргызстандагы эки жылдык ишмердүүлүгүндө “Кабар” ар дайым өз колдоосун, жардамын көрсөтүп келет. Ошондуктан, учурдан пайдаланып ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. 

Акыркы мезгилде, биздин редакция менен улуттук маалымат агенттигинин кызматташтык алакасы бекемделип, тереңдөөнүн үстүндө. Биз маалымат алмашууда, бөлүшүүдө жана жүргүзгөн ишмердүүлүгүбүзгө жараша ар тараптуу кызматташуубузду өнүктүрүп келебиз. Алдыда, дагы алакабыз чыңдалат деп үмүттөнөм. 

80 жылдан бери “Кабар” Кыргызстандын эли менен биргеликте өнүгүп, өөрчүп келди. Бир топ бийиктиктерди багынтты. Эң эле башкы жетишкендиги болуп, анын дүйнөгө белгилүү эл аралык маалымат агенттигине айлануусу эсептелет. Ал ар дайым, кыргызстандыктарга так жана ишенимдүү маалыматтарды өз убагында жеткирип келет. 

Муну менен бирге эле, дүйнө элдерине, кытай калкына Кыргызстанды жакындан таанытып, ал тууралуу маалыматтарды толук кандуу таркатып келет. Башкача айтканда, сырткы дүйнө менен Кыргызстанда байланыштырган көпүрө десек да болот. Мамлекеттер арасындагы маданият, соода-сатык жана башка тармактардагы жаңылыктарды, маалыматтарды алмаштыруу аренасы дагы болуп саналат. 

Дагы бир жолу, 80 жылдык мааракеңиздер менен биздин, жалпы эмгек жамааттын атынан куттуктайм. Туулган күнүңөр кут болсун. 90 жылдык, 100 жылдык мааракеңиздерди дагы биргеликте майрамдайбыз деп үмүттөнөм. 

Улуттук “Кабар” агенттиги 80 жашта!

Келген сыйлуу коноктордун бардыгы өз куттуктоолорун билдирип жатышты.

Токтогул Какчакеев, саясат таануучу: 

“Сабаттуу менеджменттин арты менен “Кабардын” деңгээлин көтөрө алышты”

- Бүгүнкү маараке өтө көрүнүктүү, уңгулуу, берекелүү. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги мамлекеттин ички дүйнөсүн, руханий сезимин бөлөк элдерге, кыргыз калкына тараткан, мамлекетибиздин ийгилигин көкөлөтүп учурган, кемчилигин дагы көрсөткөн маалымат айдыңы.

10-12 жыл мурун агенттиктин имараты жеке ишкерлерге толуп, бул көрүнүш аны медиа катары өз позициясын көрсөтүүгө жолтоо болуп калган. Бирок,  учурда, “Кабар” жаңы канат байлап, дүйнөлүк аренада өз ордун таба алды. Мында агенттиктин жетекчилигинин салымы зор. Сабаттуу менеджменттин арты менен анын деңгээлин көтөрө алышты.

Бүгүнкү күндө, чыгармачыл адамдар, чыгармачыл топ, окумуштуулар “Кабардан” орун таап, ошол жерден алар өздөрүнүн көз караштарын дүйнөгө чагылдырып турат десек туура болот. Демек, бүгүн биздин мамлекеттик деңгээлде мааракесин белгилеп жаткан агенттиктин гүлү ачылып, баркы көтөрүлүп турган абалды бизге тартуу кылып турат. 

Буга, бүгүнкү иш-чарага катышып, өз каалоо-тилектери менен бирге, сыйлыктарын кошо тапшырып жаткан элчилердин, биздин мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн сый-урматы толук далил болуп бере алат. 

Мен айтаар элем, биз ардагерлер, аскердик ардагерлер жана биздин куралдуу күчтөр, ардактуу эс алуудагы офицерлер “Кабарды” , эмгек жамаатын жана жетекчилигин куттуктайт. Кажыбас кайрат, гүлдөгөн чыгармачылык, сиздерди көлдүн көркүндөй болгон ой ар дайым тегеректеп турсун. Астыңардагы эмгекти ак аткарып, кыргыз элин даңазалап, кыргыз элине боор тартып, ага кызмат кылуу жолуңар узун жана шыдыр болсун. Ден соолугуңардын чың болушуна биз чын жүрөктөн тилектешпиз. 

Эрмек Абдрисаев, “Кабар” агенттигинин эксперттик бөлүмүнүн башчысы: 

“Биздин агенттик, окурмандарына жаңылыктарды алты тилде тартуулап, керектүү маалыматтар менен  камсыз кылып келет” 

- Бардыгыңыздар билгендей, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин басып өткөн жолу узун. Ал 1937-жылы түзүлгөн “КыргызТАГдын”алкагында уюштурулган. “Кабар” маалымат агенттиги мамлекеттин ички жана тышкы маалымат саясатынын координатору болуу мене бирге, жалгыз гана, мамлекеттик маалымат аналитика мекемеси болуп эсептелет. 

Ошондуктан, “Кабар” биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын ичин жана сыртын дагы, мамлекеттик органдар, бийликтин структуралары, бизнес ассоциациялар тарабынан берилген ишенимдүү маалыматтар менен камсыз кылат. 

Акыркы беш жыл аралыгында “Кабар” агенттигинде абдан чоң өзгөрүүлөр болуп, жетекчилик жана эмгек жамааты тарабынан үзүрлүү ишмердүүлүк жүргүзүлдү. Бул аткарылган иштин натыйжасында, окурмандарга маалыматтарды толук кандуу жеткирүүгө жол ачылып, кабарларды окууга жеңил болгон жаңычылыктарды киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жаңы рубрикалар, кызыктуу бөлүмдөр ачылды. 

Сайтта жеке гана расмий маалыматтар таркатылбастан, маданият, тарых, салт-санаа, коом ж.б. окурмандардын талабына жооп берген маалыматтарды камтыган бөлүмдөр дагы кошумчаланды. Агенттик, Кыргызстандагы ЖМКнын арасынан биринчи болуп, 6 тилде; кыргызча, орусча, англисче, түркчө, арабча жана кытай тилинде болгон маалымат баракчалары менен окурмандарына маалымат алууда, жеңилдик түзүп бере алды. 

Чет тилдеринде жазылган сайт баракчаларын байкоо менен биз, кайсы тилдүү окурмандарыбыз, кандай жаңылыктарга кызыкдар экендигин, сайтка киргендердин саны аркылуу   биле алдык. Мисалы, англис тилиндеги окурмандарыбыз негизинен геосаясат, экономика жана туризм багытындагы маалыматтарга кызыгышса, кыргыз тилдүү сайттын версиясында болсо коом жана дүр-дүйнө рубрикасына кирип окугандардын саны басымдуулук кылат. Ал эми, түрк тилдүү окурмандарыбыз саясат, туризм жана тамактар аттуу рубриканы сүйүп окушаары белгилүү болду. Кытай жана араб тилдүү окурмандарыбызды болсо, негизинен саясат, туризм жана инвестиция багытындагы маалыматтар кызыктыраарын байкай алдык. 

Мындан сырткары, учурда агенттик жеке гана сайт менен иш алып барбастан, “Кабар” студиясында сапаттуу телевизиондук программаларды дагы тартып, элге сунуштап келет. Мындай теле долбоорлордун саны учурда, алтыга жетти. Бул ишмердүүлүгүбүз дагы эл арасынан түнөк таап, колдоого ээ болуп келет.

Ассоль Молдокматова: ““Кабар” менен мени, сүйүктүү атам тууралуу эскерүүлөр байланыштырат” 

Мааракенин кечки салтанатын Кыргызстандын белгилүү теле алып баруучусу жана коомдук ишмери Ассоль Молдокматова алып барып, салтанатка өзгөчө майрамдык шаң берип турду. 

Ассоль Молдокматова өз сөзүндө: “Журналисттин иши байкалбаганы менен абдан маанилүү. Менин атам-Кыргыз Республикасынын биринчи журналисти, Кыргыз ССРинин атынан “Труд”, “Известия”, “Правда” гезиттеринде иштеген. Алыскы, 70-жылдары “КыргызТАГ” телетайпы боюнча макалаларды берип турган. Ошондуктан “Кабар” менен мени, сүйүктүү атам тууралуу эскерүүлөр байланыштырат”, - деп “Кабарга” болгон сый-урматын билгизип өттү.

Ошондой эле, Молдокматова журналисттик эмгектин коомдогу маанисин белгилеп, улуттук агенттиктин мамлекеттин жашоосундагы ролун жогору баалап, “Кабарчыларды” майрамы менен куттуктады. 

Ал:““Кабардын” 80 жылдык ишмердүүлүгүндө, тынымсыз эмгектин натыйжасында, агенттик болуп көрбөгөндөй жыйынтыктарга жетишти. Буга ЖМКнын алты тилде чыгып, өзүнүн платформасында теле долбоорлорду чыгарып көрөрмандарына тартуулап жаткандыгы толук далил боло алат. 

Бүгункү маараке өтө жаркын, маанилүү окуя. Убакыт-жалгыз, аны артка кайтаруу же сатып алуу мүмкүн эмес. Бул мезгил аралыгында урматтуу “Кабардын” журналисттери сиздер канчалаган тагдыр, тарыхты чагылдырдыңыздар ”-деген оюн билдирди. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)