WeChat      Избранное

Жылдыз Токтобай кызы: “Кытай тили-келечектин тили”

06/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:


Жылдыз Токтобай кызы: “Кытай тили-келечектин тили”

“25-ноябрда болуп өткөн конкурстан байгелерди тапшыруу маалынан эстеликке бир сүрөт”. 

Учурда, жеке гана дүйнө жүзүндө эмес, Кыргызстанда дагы кытай тилине болгон кызыгуу күндөн-күнгө күч алып, “Кытай достугуна” көпүрө болчу жаштарыбыз дагы көбөйүүдө. Булардын катарын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Токтобай кызы Жылдыз дагы толуктап келет. 

Бүгүн биздин гезитке Жылдыз өзүнүн кытай адабиятына болгон сүйүүсү, кытай тили жаатындагы жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берип, окурмандарыбыз менен келечектеги пландары менен дагы бөлүшмөкчү. 

- Жылдыз, кытай тилин кесип катары тандап алууңа эмне себеп болду?

- Чындыгын айтсам, мектепти аяктаган соң, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине “туризм тармагына тапшырам” деген ой менен келгем. Аңгыча, тапшырган сынактарымдын жыйынтыгында Кытай тили жана адабияты бөлүмүнө өтүп калдым. Башында, “бөлүмүмдү алмаштырам”- деп пландап жүрдүм. Бирок, убакыттын өтүшү менен, кытай тили, кытай маданият дүйнөсү мени өзүнө арбап алды. Бул тилдин өзгөчөлүгү, кылым карыткан адабияты, тарыхы, философиясы, маданияты жана салт-санаасы түгөнбөгөн кенч сыяктуу, кытай дүйнөсүнө бир сүңгүп кирген соң, андан кайра чыгуу оңойго турбайт. Өзгөчө кызыгуумду ойготкон бул кытай адабияты болду. Анын көркөмдүүлүгү, кооздугу, маңыздуулугу, кыргыз адабияты менен болгон окшоштуктарынын дагы көптүгү, аны тереңдеп үйрөнүүгө, изилдөөгө себеп болду десем жаңылышпайм. 

Мына быйыл төрт жылдан бери кытай тилин үйрөнүп келем, ушул жылдар аралыгы Кытай тууралуу көп нерсени үйрөндүм, дүйнө таанымым кеңейди. Башында, кытай тили мени “тандап  алса”, азыр болсо, мен кытай дүйнөсүн дагы тереңдеп үйрөнүүнү максат кылып, жаркын келечегиме жол төшөп келем. 

Жылдыз Токтобай кызы: “Кытай тили-келечектин тили”

“Кытай бий дүйнөсү дагы мага абдан кызык”.

- Өзүң айткандай, төрт жылдан бери ушул тилди үйрөнүп келесиң, кытай тилин үйрөнүүдө кандай кыйынчылыктар болду?

- Кытай тилин үйрөнүүдө эч кыйналган жокмун деп айтуудан алысмын. Чындыгында эле, бул тил, дүйнөдөгү оор тилдердин катарын толуктайт. “Кытай тили жана адабияты бөлүмүндө билим алам”-десем эле, бардыгы: “Кантип окуйсуңар, иероглифтери абдан татаал болсо керек, жазуу оорбу?”- деп сурай беришет. Ооба, татаал. Бирок мен үчүн бардыгынан кыйыны бул-тон менен туура сүйлөө. Кытай тилинде төрт тон бар. Мына ушулардын арасынан 2-тонду колдонууда бүгүнкү күнү дагы кыйналып келем. 

Ар бир тилди үйрөнүүдө эле, практика жүзүндө көбүрөөк сүйлөшүү керек да. Мен дагы ушул кыйынчылыктарды жеңүү максатында, кытай тилинде көбүрөөк сүйлөгөнгө аракет кылам. 

- Кытай тилин үйрөнүүдө, жеке гана тилге басым жасалбастан, коңшу элдин маданиятына, майрамдарына дагы өзгөчө көңүл бурулуп, Кытайды толук таанууга мүмкүнчүлүк берилет. Сага жаккан, өзгөчө таасир калтырган майрамы тууралуу айтып берсең?

- Албетте, тилди үйрөнүү менен бирге, ошол элдин салт-санаасын, дилин дагы кошо билүү зарыл деп эсептейм. Негизи эле, менин билишимче, кытай эли элдик, мамлекеттик майрамдарга бай. Ар бир майрамынын өзүнчө келип чыгыш тарыхы, мааниси бар. 

Мага өзгөчө жаккан майрамы бул-кытай жаңы жылы. Дүйнөгө белгилүү болгон бул майрамдын үй-бүлөлүк ынтымакты, биримдикти бекемдөөдө, улуу-кичүүгө болгон урмат-сыйды чыңдоодо мааниси зор. 

Кытай жаңы жылында бардык адамдар жакындары менен болуп, ата-энесине болгон сыйын көрсөтүп, бир күн гана эмес, бир айга жакын убакыт бою чогуу болушат. Бул күндөрү алыста жашаган балдары, неберелери келип карылардын үйүн кубанычка бөлөшөт. Бардыгы чогулушат. Менин оюмча бул эң мыкты майрам. 

Жылдыз Токтобай кызы: “Кытай тили-келечектин тили”


 “Университетибизде кытай тилине байланышкан ар түрдүү иш-чаралар өтүп турат”.

-Кытай тилине байланыштуу кандай сынактарга катышып жүрөсүң?

-Мен негизинен кытай тилине, маданиятына байланыштуу окуу жайыбыз уюштурган бардык эле жарыштарга катышып, өз күчүмдү сынап келем. Анткени, ар бир конкурстан өзүнчө сабак алып, өз алдынча иштөөгө, команда менен иштешүүгө үйрөнөсүң, элге аралашасың дегендей. Ошондуктан, мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбай, ар качан катышууга аракет кылам. 

Мына жакында эле, 25-ноябрда биздин окуу жайда кытай тилин үйрөнгөн студенттер арасында “иероглифтерди туура жазуу” жарышы болуп өттү. Бул жарыш иероглифтер аркылуу кытай маданиятын дагы жакындан таанытуу максатында болду. Иш-чара  Конфуций классы тарабынан уюштурулуп, агай-эжелерибиз менен биргеликте мыкты маанайда өттү. 

Конкурска ар бир курстардан балдар тандалып, команда болуп катыштык. Кытай тили жана адабияты бөлүмүнөн беш команда, жана дагы Эл аралык  мамилелер бөлүмүнөн дагы бир команда катышып, жалпы алты команда ат салыштык. Жарыш үч этап менен өттү. Биринчиси, жат жазуу, экинчиси, “ачкыч” аркылуу сөз куруу (кытай тилинде иероглифтерди кураган атайын “ачкычтар” бар, ошолорду колдонуу менен жазуу). Ал эми, үчүнчүсү болсо, берилген ачкычтар аркылуу көп иероглифтерди жазуу болду. Оюндун жыйынтыгында, алгачкы үч орун аныкталып, оюндун катышуучуларына атайын белектер берилди. Ал эми байгелүү орундарга ээ болгондорго сертификат жана акчалай сыйлыктар тартууланды. 

Биз командабыз менен биринчи орунду ээледик. Бул биз үчүн абдан кубанычтуу саамалык болду. Кытай тилин дагы да тереңдеп үйрөнүүгө мотивация болду десем жаңылышпайм. 

-Кытай адабияты өзүң айтып кеткендей абдан бай, узун тарыхы бар адабият. Ушул жаатта сага жагып чыгармаларын кызыгуу менен окуган жазуучуларың же акындарың барбы?

-Кытай адабиятынын мен үчүн мааниси абдан чоң десем жаңылышпайм. Анткени, менин кытай дүйнөсүнө болгон кызыгуумду арттырган, дал ушул кытай адабияты болду. Коңшу элдин чыгармачылыгын окуган сайын, биринен-бири кызыктуу болуп, өзгөчө таасир калтырат. Ар бир чыгармасында терең катылган ойлор жатат, аларды окуп, ошол доорго мезгилге барып келгендей сезим калат. 

Кытай адабиятында ырлардын мааниси өзгөчө орунда. Алар төрт саптан гана тургандыгына карабастан, маани-маңызы жагынан ушунчалык улуу ойлорду ичине камтый алат. Мен дагы аларды сүйүп окуйм. Мисалы, Тан жана Сун династиясындагы сегиз улуу өкүлү, алардын катарында бардыгыбыз билген Ли Бо, Ду Фу ж.б. бар. Мына ушулардын чыгармачылыгына кызыгып келем. Жана ошондой эле мен абдан сүйүп окуган бул Сун династиясында жашап өткөн, ошол доордун аялзатынан чыккан жалгыз акын  Ли Цинчжао бар. Анын ар бир ыры мага абдан жагат. Улуу акындын ырларын кыргызчага дагы которуп жүрөм. Келечекте, анын чыгармаларын дагы көптөн которуп, кыргыз ыр сүйүүчүлөрүнө тааныштырсам деген изги тилегим бар.

-Окууну дагы аяктап жатыпсың, ийгиликтүү бүтүрүп ал. Сөз соңунда, алдыдагы пландарың менен дагы бөлүшүп кетсең?

-Рахмат, айтканыңыз келсин. Эми пландарым тууралуу айта кетсем, окууну ийгиликтүү аяктап, кытай адабият дүйнөсүн дагы тереңдеп изилдеп, үйрөнгүм келет. Кытай жергесинде билимимди улантып, кытай адабиятын кыргыз элиме, кыргыз адабиятын кытай элине которуп, таанытуу башкы максатым. Эки элдин маданият алакасынын бекем болушу үчүн кызмат кылгым келет.  


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)