WeChat      Избранное

Окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүп, жаркын келечегине жол ачкан алтын уя

06/12/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүп, жаркын келечегине жол ачкан алтын уя

Рыскелдиева Атыркүл, Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия 

комплекс гимназиясынын усулдук иштер боюнча директорунун орун басары.

Борбор калаада жогорку статусука ээ мектептерибиздин саны арбын. Алардын бири Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясы. Гимназияда окутуу жалаң мамлекеттик тилде жүргүзүлүп, кошумча немец, кытай тилдери өздөштүрүлүп, бүтүрүүчүлөргө билимин Кытай,Германия мамлекеттеринде улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.  

Аталган мектептин жетекчиси Сайрагүл Атаева буга чейин мектептин ишмердүүлүгү жөнүндө бизге маек куруп берген эле. Анда Сайрагүл Токтосуновна: “Кытай тилинин биздин мектепте орун алышы мектептин курулушунан бери эле болуп келген десем болот. Мектеп 1989 – жылы ачылган, ал эми андан үч жылдан кийин кытай тили боюнча бир класс болгон. Андан соң эки класс ачылган дегендей. Мындайча айтканда, башынан эле мектептин жашоосунда аздыр - көптүр кытай тили аралашып келген. 

Ал эми азыркы учурда “кытай тилин үйрөнүү жана үйрөтүү - бул толугу менен ишке кирген, жемишин берип жаткан система” деп айтып койсок болот. Албетте, азыр деле маселелер бар, бирок аларды чечүү колдон келет. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдындагы Конфуций Институтунун жардамы жана өзүбүздүн мектептин колдоосу менен, чыккан проблемаларды чечип келебиз”- деген пикирин билдирген. 

Чындыгында эле бул мектеп кытай тилин өздөштүрүп, аны окуу программасына киргизүүдө мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет.

Ал эми, бул ирет жаңы окуу жылындагы гимназиядагы болгон өзгөрүү, жаңылыктары, окуучулардын кытай тилинен жетишкен ийгиликтерин билүү максатында Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясына баш бактык. Мугалимдер, окуучулар менен маектешип, мектептеги кытай тилин үйрөтүү абалы менен дагы жакындан таанышып келдик.

Окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүп, жаркын келечегине жол ачкан алтын уя



Окуучуларга сабак өтүү учурунан бир көз ирмем. 

Атыркүл Рыскелдиева, Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс гимназиясынын усулдук иштер боюнча директорунун орун басары: 

“Окуучуларыбыздын багынткан ийгиликтери, биздин мектеп үчүн мыкты көрсөткүч” (подзаголовок)

-Атыркүл Зарылыковна, алгач, гимназиядагы кытай тили сабагы тууралуу толук маалымат берип кетсеңиз?

-Кытай тилин үйрөтүү биздин мектепке 2004-жылы эле ийрим катары киргизилген. Ага Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги көмөк көрсөтүп, ошонун натыйжасында окуучуларыбыз кытай тилин үйрөнө башташкан. Бирок, ал мезгилде адистердин жетишсиздиги дагы башка маселе болуп келген. 

Ал эми, 2009-жылдан баштап, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп, Конфуций класстары ачылган. Ошондон бери, кытай тили атайын сабак катары окутулуп келет. Анын ичинен тереңдетилген жумалык жүктөмдөрү көп. Ата-энелер тарабынан бардык класста эки сааттан каржыланып, калганы толугу менен мамлекет тарабынан төлөнөт. Кытай тили негизинен окуучуларыбызга 4-класстан баштап 11-класска чейин өтүлчү. Бирок, былтыр 3-класстан үйрөтө баштасак, быйыл 2-класстын окуучулары дагы кытай тилин үйрөнүп баштоого мүмкүнчүлүк алышты. 

2-3-4-класстар жумасына эки сааттан ата-энелердин эсебинен окутулат. Ал эми, 5-класстан баштап сабактардын саны көбөйүп отуруп, жогорку класстарга жеткенде жумасына 10-11 жолу өтүлөт. Кыргызстан боюнча, мынчалык көп көлөмдөгү сааттар биздин гана мектепте окутулат. 

Азыркы тапта, кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучулардын саны 923. Жалпы мектеп боюнча 2700 окуучубуз бар. Жергиликтүү жети мугалим жана үч кытай кесиптешибиз сабак берет. Жалпысынан, 10 мугалим кытай тилин окуучуларыбызга үйрөтүп келет.

-Сиздердин гимназия, Конфуций класстары ачылган бирден-бир алгачкы мектеп болуп саналат. Кытай тилин үйрөнүүдө окуучуларыңыздар кандай ийгиликтерди багындырды?

-Бүгүнкү күндөгү кытай тилин үйрөнүп жүргөн окуучуларыбыздын көрсөткүчү жакшы. Себеби, акыркы 2013-2014-жж. баштап бул жаатта кылган эмгегибиз өзүнүн жемишин бере баштады. Ушул жылдары алгачкы окуучуларыбыз Кытай жергесинде билимин улантууга кеткен. Аларды атай кетсем: Абдибаитова Бактыгүл, Дүйшөналиева Алтынай Тяньцзинь шаарынан, Бекназаров Бекзат, Ташматова Алина, Черикбаева Нуркыз Харбин шаарынан, Исмаилова Эркайым Жинхуа шааарында, Бактыбек кызы  Раиса, Бейшеналиева Эркайым, Мамытбек уулу Бакдөөлөт, Нурлан кызы Нураида ж.б. Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарына 4 жылдык акысыз окууга жолдомо алып, окуп жатышат. 

2015-2016-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү: Ишеналиев Нурхан, Алмазбек Алияр, Калмамат уулу Нуржигит, Эсентуров Бекбоосун, Чыныстанова Салтанат, Кубатбекова Нурсел, Темирбек уулу Бактыбек, Асылбекова Айдана, Кулубаев Эрбол Пекин, Шанхай, Ланьчжоу ж.б. шаарларына 4 жылдык акысыз окууга жолдомо алышты. 

2016-2017-окуу жылынын 11-классынын 9 бүтүрүүчүсү кошуна мамлекетте билимин жогорулатып жатышат. Мындан сырткары, Кытай Эл Республикасынын элчилиги тарабынан берилген стипендияга Молдокеев Шабдан аттуу окуучубуз татыктуу болуп, окуусун Кытайдан улантууда. Азыркы тапта, Кытай жергесинде жалпысынан 35 окуучу билим алып жатат.

Жылдан-жылга окууга өтүүгө дагы талаптар күчтүү болуп жатпайбы. Мурда, HSKдин 3-деңгээли сертификатын алган окуучуларга окуусун сырттан улантууга шарт болсо, азыр болсо 4-деңгээли болуп, андан сырткары Кытай жергесиндеги окуу жайдын адистери тарабынан алынган онлайн тест жана сүйлөшүү сынактарынан өтсө гана ал жактан билим алууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. 

Азыркы учурда, окуучуларыбыз мектепти аяктай электе эле HSKдин 5-деңгээлин алып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышат. Конфуций институту тарабынан уюштурулуп жүргөн ар түрдүү жарыштарда биздин балдар ар дайым байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшөт. 

Бишкек шаарында, акыркы үч жылдан бери кытай тили боюнча предметтик олимпиада уюштурулуп жатат. Ал жакта дагы биздин окуучулар алдыңкы орундарды багындырып келишет. Мындай жакшы жыйынтыктын артында, мектеп жетекчилигинин, мугалимдердин эмгеги дагы зор. Ошондуктан окуучуларыбыздын жетишкен ийгилиги биздин мектептин көрсөткүчү болуп бере алат. 

Окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүп, жаркын келечегине жол ачкан алтын уя

“Окуучулардын кытай тилин өздөштүрүү деңгээли бизди таң калтырып жатты”.

-Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин алдындагы Конфуций институту менен түзүлгөн келишимдин негизинде кытай тилин тереңдетип үйрөтүү иштери жүргүзүлүп келет деп калдыңыз, ушул жааттан дагы окурмандарыбызга кенен маалымат берип кетсеңиз?

-Конфуций институту негизинен биздин мектепке ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Кытай тили толугу менен Конфуций институту тарабынан берилген китептердин негизинде окутулат. Кытай тили класстары компьютерлер, парталар, интерактивдүү доска ж.б. окуу жабдыктары, окуу материалдары менен толук жабдылган.  

Кабинеттердин бардыгында  дидактикалык материалдар, көргөзмө куралдар, мамлекеттик бурч жана ар түрдүү тиркемелер, интерактивдүү доска, магнитафон, компьютерлер, принтер бар. Окуучулардын кытай тилин үйрөнүүдөгү билим сапатын дагы жогорулатуу максатында Конфуций институту тарабынан 3 кытай мугалими сабак беришет. Экөөсү волонтер катары дарс окуса, бири предметтик мугалим катары билим берип келет. 

Бул жерден дагы басым жасап айта кетчү нерсе, окуучуларбызды Кытай жергесинде стипендия менен бекер окуусуна дагы ушул Конфуций институттарынын Ханьбан штаб-квартирасы тарабынан уюштурулган программалардын салымы чоң.   

-Кийинки окуу жылына карата, кытай тилин дагы тереңдеп үйрөтүү максатында кандай пландар бар, өзгөрүүлөр болобу?

-Кытай тили бирикмесинин башкы максаттары болуп, окуучуларга сапаттуу билим алууга шарт түзүп берүү, окуучулардын жеке кызыгуусуна ылайык диференциалдуу окутуу жүргүзгөнгө шарт түзүү, кытай тилин эркин сүйлөө менен бирге зарыл болгон чөйрөдө колдоно билүүгө үйрөтүү саналат. Мына, ар дайым ушул максаттардын тегерегинде иш жүргүзүп келебиз. Эң негизги ишибиз, балдардын билим сапатын жогорулатуу. Мындан сырткары, кытай тилинин окуу программасын толуктап түзүүнүн үстүнөн дагы иш алып бармакчыбыз.

-Башка мектептерде дагы кытай тилин үйрөтүү боюнча ийримдер бар экендигин угуп-билип жүрөбүз. Ушул мектептер аралык кытай тили боюнча ич ара кызматташтык алакалары барбы?

-Жогоруда айтып кеткендей, программаларды иштеп чыгуу боюнча, жалпы эле иш тажрыйбабызды жайылтуу максатында мектептер арасында конференция, семинарларды  уюштуруп жүрөбүз. Билим берүү, кытай маданиятын, салт-санаасын өздөштүрүү боюнча, окуу программаларын кантип иштеп чыгуу тууралуу дагы ой бөлүшүп келебиз. 

Айжамал Аскарбекова, кытай тили мугалими: 

“Конфуций институту тарабынан дагы ар кандай сынактар, жарыштар уюштурулуп турат” 

- Мен К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Эл аралык мамилелер факультетин аяктагам. Ал жерде кытай тили кошумча сабак катары берилчү. Ошондон баштап кытай тилине кызыгуум күчөп, тереңдеп үйрөнүү максатында Кытай жергесинен дагы бир жылга билим алып келгем. 

Мектепте үч жылдан бери окуучуларга кытай тилин үйрөтүү менен алектенип келем. 8-11-класстарга сабак өтөм. Окуучулардын сүйлөө, жазуу, тилди өздөштүрүү багыттарын тереңдетүү максатында класстарга жума сайын кытай кесиптештерибиз менен алмак-салмак сабак берип турабыз. Биздин балдардын кытай тилине болгон кызыгуусу абдан күчтүү. Албетте, кытай тилин үйрөнүү оңой эмес. 

Бирок, жакшы окууга стимул берген бир нече жагдайлар бар. Эң эле жөнөкөй мисал, бул сабактардан мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучуларыбыз ар жылы жай мезгилинде Кытай жергесине Үрүмчүгө эки жумалык жайкы лагерге жолдомо алышат. Жол кире жана виза акысы гана ата-энелер тарабынан төлөнүп, жашаган жери, тамак-ашы толугу менен Кытай тараптан каржыланат. Ал жактан өздөрү окуп, үйрөнүп жаткан тилди, маданиятты жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

 Конфуций институту тарабынан дагы ар кандай сынактар, жарыштар уюштурулуп турат. Ал жакта дагы биздин окуучулар өздөрүн, гимназияны татыктуу таанытып келишет. Мына, жакында эле дил баян жазуу конкурсунан 1-2-орунду камсыз кылышты. Жат жазуу конкурсунан 2-3-орунду алдык. Мындан сырткары, ыр-бий, кытай маданиятын таанытуу, тааныштыруу программаларынын алкагында уюштурулган жарыштарга дагы активдүү катышып, алдыңкы орундарды багынтып келебиз. 

Бул жактан окуучуларыбыз кытай тилин үйрөнүү менен чектелип калбайт. Алар кытай маданиятын, тарыхын, майрамдарын, салт-санаасын окуп-үйрөнүшөт. Биз дагы коңшу мамлекет боюнча кенен маалымат берүүгө аракет кылабыз. Мына сиздердин гезит аркылуу дагы көп жаңылыктарды үйрөнө алышат. Кичирээк класстар гезиттин кыргызча-орусча версиясындагы кытай тууралуу рубрикаларына кызыгышса, жогорку класстын окуучулары кытайча версиясын окуганга аракет кылышат. Мен өзүмдүн окуучуларыма гезитти таратып берип, кытайча маалыматтарды окуп, түшүнүп келүүгө тапшырма берем. Бул дагы балдардын билимин сапаттуу өнүктүргөнгө жардамчы десек да болот. 

Окуучуларыбыздын тил өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келебиз. Ушундай колдоонун жана тынымсыз аракеттин артынан биздин окуучулардын алды, азыркы учурда Кытайдын мегаполис шаарларында билимин улантып, кытай тилин тереңдетип үйрөнүп жатышат. 

Окуучуларын ар тараптуу өнүктүрүп, жаркын келечегине жол ачкан алтын уя Кытай тилине сугарган окутмандар.

Толгонай Жолдошбекова, кытай тили мугалими: 

“Мугалимдердин жардамы менен окуучуларыбыз дагы ушундай мыкты көрсөткүчкө ээ болуп жатат” 

- Мен жакында эле ушул мектепте иштей баштадым. Айжамал экөөбүз тайпалаш болобуз. Гимназиянын бардык сабактардан, анын ичинде кытай тили багытында дагы абдан күчтүү экенин мурунтан угуп жүргөм. Азыр өзүм иштеп жатып, чындыгында эле билим берүү сапаты жогору экендигине көзүм жетти. 

Учурда жогорку класстын кээ бир окуучуларынын кытай тили боюнча экзаменден 4-деңгээл сертификатын алгандыгы буга толук далил болуп бере алат. Окуучулардын билим сапаты абдан күчтүү. Жергиликтүү жана кытай кесиптештеримдин сабак берүү ыкмасы дагы эффективдүү десек да болот. Мугалимдердин жардамы менен окуучуларыбыз дагы ушундай мыкты көрсөткүчкө ээ болуп жатат. Биздин балдардын кабыл алуусу дагы жакшы, иероглифтен эле бир аз кыйналышпаса, аракет кылып окуп кетип жатышат. Чындыгында, биздин мектепте окуучулардын кытай тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жетекчиликтин мугалимдерге болгон талабы дагы күчтүү. Өз ишин эң жакшы билген, адистигин сүйгөн окутмандар гана бул жакта иштей алышат. 

Кытай тили менин жашоомдо... 

Окуучулар кытай тили тууралуу...

Ажыбекова Айдана, 10-класстын окуучусу: “Мен кытай тилин беш жылдан ашык үйрөнүп келем. Азыркы учурда HSKдин 4-деңгээлдеги сертификатын алдым. HSK 5ке даярданып жатам. Кытай тилин үйрөнүү мен үчүн абдан кызыктуу жана дагы бул тил келечегим үчүн керектүү деп билем. Алдыда, дагы тереңдеп үйрөнүп, ушуга байланыштуу кесиптин ээси болгум келет.  Кытай жергесине, Үрүмчүгө жайкы лагерге барып келгем. Ал жакта эки жума болдук. Коңшу мамлекет мага абдан жакты, эң сонун таасирлерди калтырды”.

Матураимова Ажар, 10-класстын окуучусу: “Кытай тилин төрт жылдан бери үйрөнүп келем. Кытай тилин тандоомдун себеби, азыркы тапта Кытай Эл Республикасы дүйнөдөгү күчтүү державалардын бири болуп саналат. Бул тилди үйрөнүү заман талабы. 

Келечекте кыргыз-кытай достук алакасын бекемдөөгө өз салымымды кошкум келет. Кытай жергесине болгон сапарыбыз абдан кызыктуу өттү. Көптөгөн маалыматтарды алып, жаңы досторду таап келдик. Мугалимдерибиз дагы абдан мыкты болуп, эки жумалык эс алуубуз эң жогорку деңгээлде өттү. Тил үйрөнүүгө дагы эң мыкты мотивация болуп калды. 

Кытай тилинин иероглифтерин үйрөнүү кыйын болгондугу менен, грамматикасы башка биз үйрөнүп жүргөн тилдерге караганда салыштырмалуу жеңил. Дагы да бул тилди тереңдеп үйрөнүү башкы максатым. Жогорку окуу жайын Кытай жергесинде окууга аракет кылам”. 

Боронбаева Алина, 10-класстын окуучусу: “Үч жылдан бери кытай тилин өздөштүрүп келем. Кытай тилин үйрөнүү кыйын болгондугу менен, ал абдан кызыктуу тилдердин бири болуп эсептелет.

Мен 2015-жылы Кытайга жайкы лагерге барып келгем. Бул сапарыбызда көптөгөн жаңы маалыматтарды алып, кытай дүйнөсү менен аз да болсо таанышып келдик. Алардын тамак-ашын татып, элин дагы билип келдик десем болот. Алардын маданияты, салт-санаасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду. 

Мен келечекте Кытайды Кыргызстанга таанытуу менен бирге, Кыргызстанды дагы Кытай жергесинде таанытып, эки элдин алакасын бекемдөө үчүн кызмат кылгым келет. Алдыда, Кытайдын бардык шаарларына саякаттап келүү максатым бар. Анткени, бул элдин, мамлекеттин тарыхы узун, маданияты бай”.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)