Айгерим МАКЕШОВА: “Эл Башчылары Эл үчүн, Эли болсо мамлекет үчүн эмгектенерине көзүм жетти”
КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын басма сєз кызматынын башкы адисинин милдетин аткаруучу Айгерим Макешова жакында эки жумага Кытай Эл Республикасына семинарга барып келди. Сапардан алган таасирлерин сунуш кылабыз.
- Айгерим, Кытайга эмне максат менен барып келдинер?
- Ушул жылдын август айында Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги Борбордук Азия Өлкөлөрүнүн Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн семинар уюштурду. Ал кадр кызматы аркылуу иш жүзүнө ашып, 14 күнгө созулду. Анда Кыргызстандын ЖМК өкүлдүрүнөн турган топ Бээжинге жана Кытай эл Республикасына караштуу ички Монголиядагы Хух-Хото шаарына барып келдик. Бул Медиа семинарга жалпысынан Кыргызстандан 6, Тажикстандан 3, Монголиядан 1 адам катышты. Семинардын башкы максаты - Кытай менен өнүгүп келе жаткан коңшу мамлекеттер ортосунда болгон салттуу достукту жана кызматташууну бекемдөө болуп саналат жана ушул мамлекеттердин адам ресурстарын өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү болду.
- Семинар кайсы багытты болуп кандай деңгелдее өттү?
- Семинардын алгачкы күндөрүндө Кытай мамлекети анын тышкы саясаты, журналистика жана “Бир алкак-бир жол” аттуу эл аралык концепциясы тууралуу лекциялар болду. “Бир алкак-бир жол” демилгеси биринчи жолу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарындагы сөзүндө айтылган. “Бир алкак-бир жол” концепциясы келечекте Борбордук Азиядагы өлкөлөрдү, ошондой эле Европа менен Африка мамлекеттерин да соода-сатык, транспорт жана экономикалык жактан байланыштырып, Кытай менен соода мамилени жандандырууга түрткү болмокчу. Бээжинде 1 жума болуп, “Кытай” журналынын редакциясына, CCTV борбордук телеберүүсүнө барып, кесиптештерибиздин иши менен таанышып, жетекчилери менен баарлаштык. 1 жумадан кийин Ички Монголиядагы Хух-Хото шаарына аттандык. Досторубуз бизди жылуу тосуп алышты. Ал эми монгол элинин мейман достугу, дасторкону кыргыз элине жакын экен. Бизди ал жакта музейлерге, тарыхый жайларга, театрга жана бир катар гезит-журналдардын редакцияларына ошондой эле ички Монголиянын Борбордук Телерадиостанциясына алып барышты.
Хух-Хото шаарынын өндүрүшү менен таанышуу үчүн сүт азыктарын чыгаруучу “Yili” корпорациясына барганыбызда, сүт азыктары ачык өндүрүлгөнүнө күбө болдук. Кытайдагы сүт азыктарын сапаттуу өндүрүүчү ишкананын эшиги бардыгына ачык экенине таң калдык. Анткени, бул корпорациянын иши менен таанышууга келгендерди эшиктин босогосунан эле атайын кызматчы кыздар тосуп алып, музейдегидей ар бир сүрөт стенддери менен тааныштырып, аягында сүт азыктары кандай жол менен кантип өндүрүлүп жатканын өз көзүң менен көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүшөт экен. Мен бул корпорациянын сүт азыктарынан ооз тийип көргөндөн кийин, ал абдан даамдуу экенин байкап, элден жашырбай ачык өндүргөн тамак-аштын сапаттуу болоруна ишендим.
Андан кийин “Монцао” чөптөрдү өстүрүү, изилдөө жана кайра иштетүү компаниясына барганда ал жактан да бизди кызматчы кыздар тосуп алып, көргөзмөдө турган ар бир чөптөр менен тааныштырышты. Андай чөптөр Кыргызстанда деле көп. Бирок, аларды иштетип, элге пайдалуу нерселерди массалык түрдө чыгаруу жок. Айрым элдик дарыгерлер эле пайдалуу чөптөрдү жыйнап, аз өлчөмдө колдонушпаса, калгандары тебеленип эле жок болот. Ал эми “Монцао” компаниясындагылар бардык чөптөрдү изилдешип, ар биринин дарылык, азыктык касиеттеринен калкка керектүү продукцияларды иштетишип чыгарышат экен. Ал жерден да бул компаниянын пайдалуу чайын ичип, даамын таттык.
- Кандай кызыктуу жайларын көрдүңөр ? Өзгөчөлүктөрүн салыштырдыңызбы?
- Ооба. Кыргызстан менен салыштырсак өзгөчөлүктөр абдан эле көп экен, заматта эле байкалып калып жатты. Бизди алгачкы эле “Гугун” тыю салынган тарыхый шаары ал Улуу Кытай империясынын Мин жана Цин династиясынын резиденциясы болгон, ошондой эле Ихэюань аталышындагы жайкы император сарайын жана башка ушул сыяктуу бир катар тарыхый жайларын көрсөтүштү. Эң эле белгилүүсү - Улуу Кытай сепили болуп саналат жана ал өзүнө эң көп туристтерди тартат. Мен да баарынан ушул улуу сепилди көрүүнү самап, эртең Улуу Кытай сепилине экскурсия болот дегенди угуп, алдын ала толкунданып жаттым. Ал жакка жеткенде аба ырайы да салкын болуп, сепилдин бийик жерлерине чыктым. Ал жерден ичимден ушундай чоң сепилди канча адам? Кантип курушту? деген ойлорго баттым. (Сепилди куруу иштери биздин заманга чейинки 221-жылдарга туура келет. Айрым легендаларда аны куруу үчүн императордун бүтүндөй бир армиясы ишке салынган деп айтылат. Болжол менен 300 миң аскерди түзгєн армия сепилдин алгачкы кыштарын койгон экен. Анын узундугу болжол менен 6,5 миң чакырымга барабар. Айрым маалыматтарда сепил – эң чоң көрүстөн деп да айтылат. Анткени анын курулушу 1 млн кишинин өмүрүн алганын айтылып келет).
Мен Кытай мамлекетиндеги тарыхый жайларды кыдырып жүрүп, “тарыхы жок эл болбойт”,- деп ичимден кытайда тарых жана маданиятка чоң маани берилерин байкадым. Буга музейлерде жүргөн жаш үй-бүлөлөр, өспүрүмдөр , студенттердин көптүгү далил болот. Элдин кулк мүнөзүн байкасам, Кытайда опол-тоодой жоопкерчилик жүктөлгөн жогорку кызмат жетекчилеринен баштап, көзүнүн майын кетирип, кумураларга кооз сүрөт түшүрүп, майда иштерди жасаган карапайым усталарынан бери өз кесибин сүйүп, кабагым-кашым дебей жаркылдап турушканы жаныңды жибитет. Караңгыда Бээжинде адашып калсаң, элдери чын жүрөктөн жардам берип, жашаган мейманканага чейин узатып чогуу келишкени, узак болсо такси чакыртып салып коюшканы алардын туристтерге болгон кєз карашы түз экенинен кабар берет. Бээжиндин жолдору кенен болуп, зыңгырап турса да, катуу ылдамдыкта айдаган айдоочу көрүнбөйт. Баары барчу жерине жайбаракат жол эрежесин сактап жетишет экен. Алсак, биз Пекинде бир жумадан ашык жүргөндөн кийин ички Монголиядагы Хух-Хото шаарына сапар тартканыбызда 7 саат жол жүрүп, айдоочуларга ичибизден ыраазы болдук. Анткени, алар катуу ылдамдыкта башка унаалар менен жарышып, чайпалтып жүрөгүбүздү түшүрбөй , барган жерибизге жакшы жеткиришти. Шаарынын тасмадай тегиз жолдору, акактай таза көчөлөрү суктандырып жатты. Мен 14 күн ичинде Кытайдагы бардык телеканалдарды көрүп, теле берүүлөрүнүн 90% пайызы Кытай тилинде көрсөтүүлөрүн жана ал жакта катуу ылдамдыктагы темир жолдорду, кемелерди жана электр станцияларын куруу иштерин чагылдырган программалардын көп экенин байкадым. Мындан тышкары кытай тилинде болсо да алардын журналисттери жакшы иштерди абдан шыктануу менен образга кирип чагылдырышканын сездим. Ошондой эле театрды кыдырып, артисттердин чыгармачылык шарты менен таанышканыбызда алардын өнөрүн көрүп, моокумубуз канды.
Кытайда эки жумадан ашык жүрүп, ал жакта талкалоо эмес жаратуучулук, артка эмес алдыга умтулууну байкап, эл башчылары эл үчүн, эли болсо мамлекет үчүн эмгектенерине көзүм жетти.
- Өзүңө кандай тажрыйба топтодуң ? Досторду таптыңбы?
- Көп эле тажрыйба топтодум. Көргөн нерселерим баары эсимде. Досторум да бар.