WeChat      Избранное

Эльчоро Курбан: “Джеки Чан – мыкты гана актер эмес, “мыкты адам” деп айтууга толук татыктуу инсан”

29/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Эльчоро Курбан: “Джеки Чан – мыкты гана актер эмес, “мыкты адам” деп айтууга толук татыктуу инсан”


“Мен бактылуумун. Анткени, мен сүйүктүү ишим менен алектенип келем” Эльчоро Курбан.

Кыргыздын атын алыска таанытып, биздин маданиятты, салт-санаабызды Кытай жергесинде бапестеп багып келген кытайлык кыргыздар тууралуу көп эле маалымат берип келебиз. 

Мына, биздин бүгүнкү каарманыбыз дагы, Кытай кино индустриясында өзүнүн ордун таап, дүйнөгө белгилүү Джеки Чан менен бир тасмада роль жаратып, анын командасында эмгектенип келген кытайлык кыргыздын уулу Эльчоро Курбан.  

-Алгач өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Мен 1984-жылы 18-октябрда КЭРнын Синьцзян Уйгур автономдуу районунда жайгашкан Баянгол-Монгол автономдуу округунун Хэцзин уездинде жарык дүйнөгө келгем. Балалыгым толугу менен ошол жерде өттү. Кичинекей кезимден бери ат жалында ойноп, мал багып, талаа иштерине аралашып жүрүп чоңойдум. 

Бир аз бош убактым боло калса эле, китеп окуганды жакшы көрчүмүн. Ар бир китеп, чыгарма, аңгеме мен үчүн ушунчалык баалуу болчу. Мүмкүн, ошол кезде эле менде чыгармачылыкка болгон сүйүү ойгонсо керек. 

16 жашымда ата-энемдин жанынан алыска, Пекин шаарына окууга кеттим. Ал жактан Борбордук Улуттар университетине тапшырып, экономика адистиги боюнча  20 жашымда дипломдуу болдум. Студенттик күндөрүм оош-кыйышы менен кызыктуу болду го дейм. Анткени, бир жагынан жашоого, окууга акча табууга аракет кылып, иш үстүндө болуп кыйналсам, экинчи жагынан адабият, искусствону сүйгөн досторум менен биргеликте ар түрдүү адабий коомдорго мүчө болуп, өзүмдүн көңүлүмө жаккан чыгармачылык менен алектенип жүрдүм. 

Ошентип, 20 жашымда экономика адистигине ээ болдум. Чындыгын айтайын, (күлүп) өз кесибим менен дагы иштегенге аракет кылдым. Бир-эки жыл Кытайдын алдыңкы банктарында эмгектенип көрдүм. Бирок, эмнегедир көңүлүм тынчыбады, көнө албадым. Күндүзү жумушта отурам, кечинде болсо баягы университеттеги досторум менен бирге чогулуп, баарлашып жүрүп кино жаатына кызыгуум ого бетер күчөдү. Бир орундан жылбастан, иш кагаздары менен алышып отуруп калуу мен үчүн эмес экендигине көзүм жеткен соң гана,  кино тармагына баш-отум менен кириштим. Менин азыркы кылып жаткан иштериме, тандаган жолума университетим алгачкы фундаментин түзүп берди. Анткени, жогоруда айткандай чыгармачыл чөйрө менен аралашып, аз да болсо ал жактан алып калган тажрыйбам бар эле. 

-Ушунча билим алып, анан бирок кино тармагын тандап кетүүңүздү ата-энеңиз кандай кабыл алды?

-Чындыгында, башында жакындарым киного тартылып жүргөнүмдү билишчү эмес. Кийин телевизордон мен тартылган бир тасманы энем көрүп калып: “Качантан бери тартылып жүрөсүң, ушул жакта иштеп жүрөсүңбү?”- деп  абдан таң калган. Атам өзү аскер адамы болсо да, менин чыгармачылыгымды баалап, “тасмада роль жаратуу дагы оңой эмес” деп, өз колдоосун билдирген. Ал эми, туугандарым башында каршы болуп, убакыт өтүп, жараткан эмгектеримди көргөндөн кийин бардыгы өз колдоолорун көрсөтүп келишет. 

-Өзүңүздүн адистигиңиз экономист болсо, актерлук жаатында дагы билимиңиз барбы?

-Ооба, азыркы учурда дагы бул багытта билимимди тереңдетип келем. Кино тармагы ар дайым өсүп, өзгөрүп турат эмеспи, ошондуктан актер дагы дайым изденип, үйрөнүп, окуп турушу зарыл. 

Тасма тартуу убагында деле мугалимдер келип, эки-үч сааттан сабак өтүп турат. Алар кеткен соң өзүбүз дагы машыгып, практика жүзүндө өз алдынча үйрөнөбүз. Мен бир эле деңгээлде токтоп калгым келбейт, азыр тасмаларга сценарий жазуу менен дагы алекмин. Келечекте өзүм режиссер болуп, толук кандуу тасма жаратсам деген изги тилегим бар.  Негизи убакытты туура колдоно билүү керек, аны туура бөлүштүрсө бардык нерсеге үлгүрүп, үйрөнүүгө дагы болот. 

Эльчоро Курбан: “Джеки Чан – мыкты гана актер эмес, “мыкты адам” деп айтууга толук татыктуу инсан”

Джеки Чанга кыргыз калпагын тартуулаган учурдан көз ирмем.

-Жалпы кино тармагындагы ишмердүүлүгүңүз, жетишкендиктериңиз тууралуу маалымат бере кетсеңиз...

-Негизи бул тармакта көп жылдан бери эле аралашып, аз да болсо актердун жумушун ичинен таанып-билип калдым. Ал эми, кытай кино индустриясына кенен жол ачкан учур, бул 2009-жылга туура келет. 

Ошол жылы кытай тасмасына башкы ролго тартылууга мүмкүнчүлүктү жеңип чыктым. Ал жактан каарманымдын образын көрүүчүлөргө толугу менен ачып берүүгө абдан аракет кылдым. Мына, ошол актердук оюнумдан кийин бүт режиссерлор таанышып, көп кино тасмаларга тартылууга чакыруулар башталды. Жалпысынан алганда, бул тармакта иштеп келе жаткандыгыма 12 жылдын жүзү болду. 

2014-жылы дагы мен үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Себеби, дал ушул жылы бүтүндөй дүйнөгө атагы чыккан Джеки Чан менен иштешип, анын менен бирге тасмасында роль жараттым.

Азыркы тапта, баш-аягы менен алтымышка жакын киного тартылдым. Жакында Гонконг жергесине барып дагы тасмада роль жаратып келдим. Декабрь айында дагы Джеки Чан менен кайрадан бирге тартылуу иштери башталганы турат. 

-“Джеки Чан”бул ысымды чындыгында бүтүндөй дүйнө жүзү билет. Ал адамдын актердук чеберчилигине, тасма жаратуудагы талантына бардыгыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. Ушундай талант менен бирге киного тартылып, чогуу иштешүү кандай экен?

-Мен башында киного тартылуу сунушу түшкөндө Джеки Чан менен бирге эмгек жаратаарымды билген эмесмин. Тандоо турунан өткөндөн кийин эки ай талаада машыгуу иштери менен алектендик. Согуштук искусствонун бир түрү болгон кунг фуну үйрөнүп, өнүктүрдүк. 

Мына ошентип, тасма тартылып баштаганда гана Джеки Чан менен бирге иштейт экенибизди билдик. Эми ал Джеки Чан тууралуу айтсам, абдан жөнөкөй, кичипейил, ак пейил адам. Жылдыз оорусу менен эч оорубаса керек. 

Бардыгыбызга бирдей мамиле кылып, тазалыкты сүйгөн инсан катары тааныйм. “Иштеген жер ар дайым таза болуусу керек”- деп бардыгыбызга айтып турат. Абдан тамашакөй адам. Анан дагы өзгөчө камкор. “Азыр кино тарта баштайбыз, курсагыңарды жакшы тойгузуп алгыла”-деп, алдын-ала эскертип турат. Ар дайым биз менен, командасы менен бирге тамактанат. Өзүнүн жашоосу, ата-энеси, айылы тууралуу жакшы кептерди куруп берет. Кеңештерин берип, биз менен бирге машыгып, аралашып эле жүрдү. Абдан эмгекчил, мыкты гана актер эмес, “мыкты адам” деп айтууга толук татыктуу инсан.  

-Кытай кино индустриясында өз ордуңузду тапкан биринчи кытайлык кыргыз болуп жатасыз. Ушундай бийиктикти багынтуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

-Негизи, менин оюмча, эгерде адам алдына максат коюп, ошого жетүүгө аракет кылса эле бардыгына жетүүгө мүмкүн. Албетте, ар бир ийгиликтин артында тынымсыз эмгек, күнү-түнү уктабаган машыгуулар, кандайдыр бир деңгээлде өжөрлүк дагы турат. Эгерде, чын жүрөктөн бир нерсени кааласаң, ага жетүүгө болот. Бардыгы өзүбүзүн колубузда. 

Кыргызда “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат”демекчи, ар тараптуу өнүгүүгө аракет кылып келем. Кичинемден ат үстүндө чоңоюп, китепке дагы жакын болуп өскөм, ыр-бий өнөрлөрүнө абдан кызыгып, бул жаатта дагы жетишкен ийгиликтерим бар. Мындан сырткары, кунг фу менен машыгып келе жаткандыгыма он жылдын жүзү болду.  Ал да мага кино тармагына сүңгүп кирүүгө чоң жардамчы болуп келет. 

Азыркы тапта, беш-алты кытайлык кыргыз баланы шакирт кылып, үйрөтүп жүрөм. Келечекте буюрса, тасма жаратуу жаатында дагы багынткан ийгиликтерибиз көп болот деп ишенем. 

-Өзүңүз кытай кино тармагын ичинен билип, аралашып жүрөсүз. Кыргызстан менен Кытайдын кино жаатындагы алакасын бекемдөөгө кандай салым кошсом деп ойлойсуз?

Албетте, бул тууралуу алдыга койгон пландарым, максатым бар. Алардын бири мына ишке ашуу алдында турат деп ойлойм. Сиздерге дагы маалым болсо керек, Кыргызстанда “Ли Бай” аттуу тасма жаратуунун үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. Ошол тасманын сценарийин мен жазгам. Буюрса, бул долбоор ишке ашат деп ишенем. Мындан башка дагы эки элдин кино тармагын бекемдеп, алакасын өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Бул алгачкы гана кадамдарыбыз. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)