WeChat      Избранное

Кытай үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө мамлекеттери үчүн маанилүү жыйын 

02/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:


Кытай үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө мамлекеттери үчүн маанилүү жыйын 

Кытай Коммунисттик партиясынын 19-съездинин жүрүшүнөн бир көз ирмем.

Сүрөттөр WWW таандык
18-24-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында Кытай Коммунисттик партиясынын 19-съезди болуп өттү. Бул дүйнө жүзүндөгү эң чоң саясий партия болуп эсептелет. Анын курамында 90 миллионго жакын мүчөсү бар. Съезд беш жылда бир жолу өтүп турат.

Учурда, бул саясий жыйын жеке гана Кытай Эл Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө мамлекетттери үчүн дагы абдан маанилүү. Себеби, Кытайдын азыркы учурда тандаган өнүгүү жолу, дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга дагы өз таасирин тийгизбей койбойт. Анткени, акыркы жылдары Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк аренада өзүнүн татыктуу орду бар экендигин далилдей алды.

Мына ушул, коңшу мамлекетте болуп жаткан жыйын тууралуу, жана анын Кыргызстан үчүн канчалык деңгээлде мааниси бар экендигине биздин атуулдарыбыз өз ойлорун билдиришти.
Токтогул Какчекеев, политолог:


Кытай үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө мамлекеттери үчүн маанилүү жыйын 

“Кытайдын ушундай бийик деңгээлге жеткендигинин ээси дагы, демилгечиси дагы-Кытай Коммунисттик партиясы”

- Эми Кытай Эл Республикасы эбегейсиз чоң экономикасы, бийик маданияты, байыркы тарыхы менен кылымдарды карыткан элдерден болуп эсептелет. Дүйнөдө Европада гректердин маданияты болсо, Түштүк Азия боюнча Кытайдын маданияты, тарыхы абдан зор экендигин бардыгыбыз билебиз.

Ошондуктан, бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасы өзүнүн 19-съездин өткөзүп жатканы, бул бүткүл дүйнөнүн көңүлүн буруп, ар бир сүйлөнгөн сөзгө, ар бир айтылган сынга, ар бир максатты кунт коюп такташтырып, келечектеги Кытайдын ордун ар тарабынан баалап, ойлонуп турган мезгили. Кыргыз мамлекети дагы Кытай менен карым-катнаш, ишеним жолунда тургандан кийин, Кытайдын Коммунисттик партиясынын 19-съездинин келечектеги максаттарын, алдыга койгон пландарын билүүгө кызыкдар.

Кытай мамлекети бизге абдан чоң жардамын берип келе жатканы бул тарыхта белгилүү. Ошол эле каргашалуу 1916-жылды эстесек, кыргыз элинин качкындары баш калкалап, Кытай мамлекетинде 5-10 жылга чейин ошол жерде туруп, тукум куруттан сакталып калгандыгын биз унутпашыбыз керек. Мына ошол маалда, эл менен кошо барып, Кытайда калып калган менин таяке-тайларым дагы бар. Анын бири полковник, Кытай-Кыргыз чек ара полициясынын башчысы  Муканбет Сунаев-Жанаев деген таякем болгон. Азыр көзү өтүп кетти. Ошондуктан, биз Кытай Эл Республикасы менен мындайча айтканда,  тууганчылык мамилебиз дагы болуп калган десек болот.

Бүгүнкү күндө, Кытай компартиясынын 19-съезди-Келечекте Кытай мамлекетин   экономикалык, куралдуу күч жагынан, илим-изилдөө, социалдык жетишкендик жагынан ж.б. тармактардан “алдыңкы мамлекет” болууну максат коюп отурат. Бул өтө чоң максат. Бирок, коңшу элдин эмгекчилдигин, тартиптүүлүгүн, мыйзамды сыйлоосун, жана дагы шалаакылыктан баш тарткандыгын көрүп туруп бул максатка жетеерине ишеним бар. Буга кошумча, Кытай Коммунисттик партиясынын иштеринин бардыгы, алдыга койгон планы бүгүнкү күнгө чейин аткарылып, өз мүдөөсүнө жетип келген.

Ал эми, кыргыз-кытай карым-катнашын алсак, биз Эгемендүүлүккө чыкканда, кыйынчылык абалда калганда, Кытай кошунабыз өзүнүн жардамын аябастан, чоң колдоо көрсөткөн. Мына, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз мамлекетинин 80% кытайдан чыккан кийим-кечени кийип жүрөт. Идиш-аяктарын колдонуп жүрүшөт. Учурда, Кытайдын техникалык жабдыктары, айыл чарба техникасы, химиялык заттары ж.б. буюмдары жалпы Кыргызстанда колдонулуп жаткандыгын биз тана албайбыз.

Ошол эле Кытайдын товарынын, чек араны ачып бизге жардам бергендигинин негизинде Кыргыз Республикасынын экономикасынын бир бурчун тартып турган  Дордой базары, Кара-Суу базары толук далил. Айланабызды карасак, ар бир экинчи дүкөн кытай товарлары менен соода кылат. Биздин жерде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытай компаниялары, курулуш индустриясында 60-70% кытай ишкерлеринин капиталы катышат. Медицина, билим берүү тармактарында кызматташтык алака өөрчүүдө. Биз бүгүнкү күндө, шериктеш жолдо, стратегиялык кызматташтыкта болуп турганда ШОС эл аралык уюмунда мүчө болуп тургандыктан, Кытай өлкөсү бизде чек араны дагы кайтарганга, аскерлерди кийинткенге жардам берип жатат. Мунун баары тең Кытайдан келген жардам.

Демек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы саясаты Кытай менен эриш-аркак болуп, биргелешип иштешүүдө, бир-бирибизге ишеним туудурууда, көбөйтүүдө ошонун негизинде биз чоң стратегиялык проекттилерди түзүп жатабыз.

Кытай Эл Республикасынын дүйнөдөгү күчтүү державалардын бирине айланышы, алардын “Биринчи” болуу максаты, биздин дагы көңүлүбүзгө жагат.  Кытай коммунисттик партиясынын аткарган ишине ыраазычылык билдире алабыз. Анткени, бүгүнкү күнү Кытайдын ушундай бийик деңгээлге жеткендигинин ээси да болгон, демилгечиси дагы болгон Кытай Коммунисттик партиясы болуп эсептелет.

Бакыт Сакыбаев, “ЭлТР” МТРКнын редактору, журналист: 

Кытай үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө мамлекеттери үчүн маанилүү жыйын 

“Кытай Эл Республикасы социализмдин жаңы дооруна эшик ачты” 

- Коңшу Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын кызматташтыгы акыркы жылдары өтө жогорку деңгээлде өнүгүү жолуна түштү.

Биздин мамлекеттеги товарлардын 90 пайызы кытай товарлары. Дүйнөлүк практикада кытай товарларынын аркасында элдин жашоо-шартына жеңилдиктер жаралып жатат. Бир жагынан алардын баасы карапайым коомчулуктун капчыгына ылайык арзан, экинчи жагынан тандоого мүмкүнчүлүк бар. Бул эми, базар экономикасынын шарттарына ылайык соода-сатык алака-катыштарын айттым.

Мындан башка,  тармактарда дагы чоң кызматташуулар болуп жатат. Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын ар биринде деп койсок болот, кытай тили жана адабияты факультеттери, Конфуций институттары, класстары жайгашкан. Ар тараптуу кызматташуунун натыйжасында, кытай тилин үйрөнүүгө болгон кызыкчылык да күч алды.

Кызматташуунун күч алганынын белгиси катары,  транспорттук коммуникация активдүү иш- аракеттерге өттү. Анын негизинде жолдор байланышы күч алды. Кыскасы, эки өлкөнүн кызматташтыгы оор шарттарды жеңилдетүүдө. Бул заман талабы. Биз цивилдүү өлкө катары байланыш, кызматташтыктын арыгын мындан да тереңирээк кеңейтишибиз керек.

Ал эми, Кытай Коммунистик партиясынын 19-съезди тууралуу айта кетсем, бүгүнкү күндүн дүйнө жүзүндө талкууланып жаткан башкы темасы десек болот. Кытай Эл Республикасы социализмдин жаңы дооруна эшигин ачты. Бул жыйындын Кыргызстан үчүн дагы мааниси зор. Себеби, Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү. Ал жакта болуп жаткан окуялар, жаңылыктар бизди кайдыгер калтырбайт.

Кыргыз-Кытай кызматташтыгы мындан да күчөп, ар тармактар болгон билим жаатында, экономикалык байланышта, саясатта, спортто ж.б. тармактарда өнүгүү абдан жогорку деңгээлге көтөрүлөт. Мен буга ишенем.

Урмат Тураров, КР ТИМ Дикамбаев К.Д. атындагы Дипакадемиясынын Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн магистранты:

Кытай үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө мамлекеттери үчүн маанилүү жыйын 

“Бул “Бир алкак-бир жол” долбоору  Кытайдын эл аралык мамилелерин бекемдөөдө зор салым кошту”
- Мен азыркы тапта Бишкектеги кытай компанияларынын биринде иштейм. Мындан сырткары, Кытай жергесинен иштеп дагы, билим алып дагы келгем. Ошондуктан, коңшу мамлекетте кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болуп жатканы мен үчүн ар дайым кызык. 

Ал эми, жакында болуп өткөн Кытай компартиясынын 19-съездине бүтүндөй дүйнө жүзү байкоо салып турду. Буга, чет мамлекеттерден келген 2000дин тегерегиндеги журналисттердин катышуусу толук далил. Бул дагы болсо, учурда, Кытайдын дүйнө аренасында бараандуу орду бар экендигин көрсөтүп турат.

Дал ушул жыйында коңшу мамлекеттин алдыңкы беш жыл ичинде аткарчу иштери талкууланып, планга киргизилди. Жыйындын ачылышында, Кытай лидери Си Цзиньпин үч жарым сааттай сөз сүйлөп, ар бир тармак боюнча кенен токтолуп кетти. Си Цзиньпин өз сөзүндө Кытай жергесинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган ишкерлерге дагы мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү, жана да инвесторлорго ак ниеттик, адилеттүүлүк менен мамиле кылуу керектигине басым жасады. Акыркы беш жыл аралыгында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин кытай элинин келечеги үчүн мыкты иштерди аткарды. Эң эле жөнөкөй мисал, “Бир алкак-бир жол” долбоору. Бул проект Кытайдын эл аралык мамилелерин бекемдөөгө зор салым кошту деп ойлойм.

Ушул долбоордун алкагында кыргыз-кытай мамилеси дагы бекемделип, достук ичинде өнүгүү жолунда бара жатат. Буюрса, алдыңкы беш жылга кабыл алынган пландын негизинде дагы эки элдин мамилеси чыңдалып, эки тараптуу кызматташуу алакалары чыңдалат деп ишенем.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)