WeChat      Избранное

Максат Тентимишов: ““Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты”

15/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Максат Тентимишов: ““Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты”

Максат Тентимишов.

Акыркы жылдары, кыргыз-кытай кызматташтык алакасы өнүгүп, бардык тармактардан эки мамлекеттин байланышын көрүүгө болот. Ушул жаатта эмгектенип, Кыргызстандын келечеги, өсүп-өнүгүшү үчүн кызмат кылып келе жаткан атуулдарыбыздан уучубуз куру эмес.
Алардын бири Кыргызстандын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу Максат Тентимишов.

Максат Ишенбекович, өзүнүн ишмердүүлүгү, Башкы консулдуктун аткарган вазийпасы, кыргыз-кытай алакасы тууралуу биздин гезит менен ой бөлүштү.  

Максат Тентимишов: ““Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты”

Максат Ишенбековичтин Цзянмэнь шаарынын вице-мэри Цай Дэвей менен жолугушуу учурунан бир көз ирмем

.- Максат Ишенбекович, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, алган билимиңиз, эмгек жолуңуз? Кайсы мезгилден бери КНРдин Гуанчжоу шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Башкы консулдук кызматында өз ишмердүүлүгүңүздү жүргүзүп келесиз?
- Мен 1988-жылы Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы №2 орто мектепти аяктагам. Ошол эле жылы Ташкент мамлекеттик университетинин Чыгыш тилдер жана адабият факультетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүндө билимимди улантып, 1993-жылы биздин факультеттин алдында ачылган Чыгыш тилдер институтун бүтүргөм.
Эмгек жолум 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде башталган. Андан бери, Министрликтин көптөгөн департаменттеринде иштеп жүрдүм. Мындан сырткары, Кыргызстандын Индиядагы, Германиядагы элчиликтеринде  жана дагы КРнын Франкфурт шаарындагы консулдук кызматында эмгектенип келдим.
Ал эми, 2014-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаевдин указы менен КРнын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу болуп дайындалып, 29-мартта өз милдетимди аткарууга кириштим.
Ошол мезгилден бери ушул кызматты аркалап келем. Башкача айтканда, Гуанчжоуда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылгандан бери иш жүргүзүп келебиз.
- Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Генералдык консулдугу тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

- КРнын Гуанчжоудагы Башкы консулдугу 2014-жылдын 29-октябрында расмий түрдө ачылган. Консулдуктун ачылыш аземине КРсынын Тышкы иштер Министри Э. Абдылдаев жана Гуандун провинциясынын губернаторунун орун басары Чжао Юйфан айым катышкан.

Генконсулдуктун ишмердүүлүгүнүн башкы милдети Кыргызстандын жарандарынын,  юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат. Ошондуктан, биз ар качан, ушул багытта ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп, жарандарыбыздын укугу тепселенбөөсү үчүн кызмат кылабыз. Биздин Башкы консулдук Кытайдын түштүгүндө убактылуу же болбосо туруктуу жашаган кыргызстандык жарандарды тейлеп келет.

Мындан сырткары, биздин ишмердүүлүктүн артыкчылыгы болуп соода-экономикалык кызматташтык алакаларын, инвестиция тартуу багытында дагы  иш жүргүзүү саналат. Анткени, өзүңүздөр билгендей Кытай Эл Республикасынын түштүк аймагы, Гуандун провинциясы күчтүү экономикалык дараметке эгедер. Ошондуктан, Генконсулдук бул багытта дагы үзгүлтүксүз кызмат кылып келет. Кыргызстанды жана анын ар тармактардагы инвестициондук мүмкүнчүлүктөрүн кытай ишкерлерине таанытуу максатында иш-чаралар өткөрүлүп турат. Негизинен, эки тараптын ишкерлеринин катышуусу менен Кыргызстан жөнүндө презентациялар жана бизнес-форумдар болуп турат. Ушундай иш-чаралардын арты менен эки элдин ишкерлери ортосунда байланыш түзүлүп, кызматташтык өөрчүп жатат.

Максат Тентимишов: ““Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты”

Башкы консулдун “Кангмэй” фармацевтикалык холдингинин Директорлор кеңешинин Төрагасы Ма Синтян менен жолугушуу учуру.

“ Кытайдагы мекендештерибизди, милдеттүү түрдө КЭРсынын миграциондук мыйзамы менен таанышууга чакырат элем”     
- Сиздин консулдук аймактын ичине кирген Гуандун, Фуцзянь, Цзянси, Хунань, Хайнань жана Гуанси аймактарынын ичинен кайсы провинция Кыргызстан үчүн кызматташтык алакасын түзүүдө көбүрөөк ылайыктуу болуп эсептелет?
- Чындыгында эле, сиз атап өткөн провинциялар консулдуктун округуна кирет. Булардын арасынан биздин кеңсе жайгашкан Гуанчжоу шаары жана Гуандун провинциясы Кытай боюнча экономикалык жактан эң өнүккөн аймак болуп саналат.
Ошондуктан, кызматташуунун негизги бөлүгү ушул жак менен жүргүзүлөт. Кыргызстан менен Гуандун провинциясынын ортосундагы кызматташтык алакасынын потенциалы абдан күчтүү. Анткени, Кыргыз Республикасы географиялык жактан дагы маанилүү аймакта жайгашып, жаратылыш байлыктарына бай. Ал эми, Гуандун алдыңкы технологияларга жана каржы булактарына ээ.  
Кыргызстан Евразия Экономикалык биримдигине кире элек мезгилде эки элдин соода-экономикалык алаасында Кытай импорту үстөмдүк кылып турчу. Ал эми, азыркы тапта биз ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, даяр өндүрүш товарларын киргизүү анчалык деңгээлде пайда алып келбей калды. Ошондуктан, учурда Генконсулдук, Кыргызстанда кытай продукциясын өндүрүп, убакыттын өтүшү менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттерине экспорттоо үчүн инвестицияларды тартууга басым жасап келет.
Муну менен катар кытай рыногуна биздин продукциябызды алып чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Мындай кадамдар эки тарапка тең пайдалуу деп эсептейм. Ушул багыттагы иштер, консулдуктун округуна кирген башка аймактар менен дагы жүргүзүлүп келет.
- Консулдук кызматы тарабынан Кытай жергесиндеги кыргызстандыктар үчүн кандайдыр бир иш-чаралар өткөрүлүп турабы?
- Башкы консулдук кызматынын ачылышы Гуанчжоу шаарында жашап, иштеп жаткан Кыргызстандын жарандарын колдоо үчүн,  мыкты саамалык болуп калды. Себеби, алар бул жактан көптөгөн маселелерди, мамлекеттик документтерди алууда кездешкен ыңгайсыздыктарын чече алышат. Улуттук майрамдарда же болбосо, кандайдыр бир белгилүү даталарда кыргызстандыктар үчүн иш-чаралар өткөрүлүп турат. Жолугушуулар суроо-жооп иретинде болуп, достук атмосферасында өтөт.
Ушундай иш-чаралардын эң эле эсте калганы былтыркы жылы болуп өткөн Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Маданият күндөрү болду десем болот. Ушул майрамдын алкагында кыргыз маданиятынын кечеси болуп, ага жергиликтүү калк, Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарында жашаган жарандары жана консулдук кызматтын өкүлдөрү күбө боло алышты. Концертти Кыргызстандын көрүнүктүү артисттери, улуттук ыр-бий ансамблдери көркүнө чыгарып, көрүүчүлөргө эң мыкты  маанай тартуулашты.
- Кыргызстандыктар көп учурда кандай суроолор,  маселелер менен сиздерге кайрылышат?
- Гуанчжоу Кытай Эл Республикасынын түштүк аймагындагы маанилүү шаарларынын бири болуп эсептелет. Бул жакта негизинен кыргызстандык студенттер ишкерлерге караганда басымдуулук кылат. Азыркы тапта, башкы кыйынчылыктардын бири-виза маселеси болууда. Ушуга байланыштуу,  биздин жарандардын саны Гуанчжоу шаарында кыскарды. Ошондуктан, маселенин тезирээк чечилишинен үмүттөнөм. Бул көйгөй Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүнүн астында.
- Сиз Кытай Эл Республикасына окууга же иштөөгө барууга даярданып жаткан биздин мекендештерге кандай кеңеш берээр элеңиз?
- Кытай жергесине сапар алууга даярданып жаткан мекендештерибизге милдеттүү түрдө Кытай Эл Республикасынын миграциондук мыйзамы менен таанышууга чакырат элем. Себеби, узак же кыска мөөнөткө Кытай жергесинде жашоого жалгыз гана, ушул мамлекеттин мыйзамдарын жакшылап билүү кепил болуп бере алат. Эгерде, Кытай Эл Республикасынын аймагында иштөөгө келгени жатсаңар, анда келээрден мурун, бул жактан жумуш таап, жумушчу визасын алуу керек.
Көптөгөн жарандарыбыз Кытайга туристтик виза менен кирип, уруксаты жок иштеп жүргөндүктөрү үчүн абдан чоң кыйынчылыктарга дуушар болуп келишет. Жумушчу виза жана иштөөгө берилген уруксат кагазы гана, мыйзам чегинде Кытай жергесинде эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан башка жол жок.
Кытай жергесинде туруктуу жумушу болуп, расмий түрдө мекемеден жумушка чакыруу кагазын Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине тапшырганда гана жумушчу визасын ала алышат. Кытайга келгенден кийин жумуш ээсинин жардамы менен иштөөгө уруксат кагазын алуулары тийиш, мына ушундай жол менен гана легалдуу түрдө иштөөгө болот.
Эч качан, “акча менен жумушчу визаны алып берем”-, деген ортомчуларга кайрылбоо керек. Анткени, виза мыйзам негизинде алынгандыгына эч ким кепилдик бербейт. Эгерде, виза жасалма же болбосо мыйзамсыз алынгандыгы билинип калса жыйынтыгы жакшы болбойт. Депортация жана Кытайга кирүүгө тыюу салынат.
Мындан сырткары, кытай элинин тилин, маданиятын, салт-санаасын изилдеп, аз да болсо үйрөнүп алуу маанилүү. Бул дагы да, кытай эли менен тил табышууга, алдыга коюлган максаттарды ишке ашырууда чоң жардамчы болуп бере алат.

Максат Тентимишов: ““Бир алкак-бир жол” долбоору Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты”
  Башкы консулдукта кытай ишкерлери менен жолугушуу үзгүлтүксүз жүрүп турат.


“Кыргызстан кытай элин кол тийбеген жаратылышы, тамак-аш продукциясынын экологиялык жактан тазалыгы менен кызыктырып келет”

- Кыргызстан-Кытай ортосундагы соода-сатык мамилесине кандай баа бересиз?
- Кыргызстан-Кытай эки тараптуу алакасынын чыңдалышынын негизинде соода-экономикалык жана инвестиция тармагындагы кызматташуу мамилеси жемиштүү өнүгүп келет. Акыркы жылдары, экономикалык кызматташуунун перспективдүү багыттары болуп: инфраструктура, транспорт, энергетика,  тоо-кен өнөр жай, аймактар аралык жана чек аралык кызматташуу тармактары эсептелип, бул жааттарда бир топ өнүгүү бар.
Мындан башка, эки элдин тоо-кен өнөр жай тармагы, туризм, энергетика, текстиль өндүрүшү  жана айыл чарба тармагындагы инвестициондук кызматташуунун дарамети бардыгыбызга белгилүү.
Экономика алкагынан сырткары, биз Кытайды башкы өнөктөш катары көрүү менен бирге, аны менен ар качан  биргеликте инвестициондук долбоорлорду өнүктүрүүгө, өз ара соода-сатык алакасын кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Бул багыт өзгөчө, биздин ЕАЭБге мүчө болуп киргенибизден улам дагы аткарылууга, өнүгүүгө милдеттүү. Анткени, учурда, Кыргызстанда товардын өтүш рыногу чоңоюп, анын актуалдуулугу жогорулады. Ошондон, улам эки тарапка тең пайда алып келе турган долбоорлорду ишке ашыруу заман талабы.
Менин жеке пикиримде кыргыз-кытай кызматташтыгынын соода-сатык тармактары толук кандуу изилденип, талаптагыдай өнүгө элек. Себеби, Кытайдын каржы-экономикалык жана инвестициялоо мүмкүнчүлүгү абдан чоң, ал эми Кыргызстан болсо өнүгүү жолундагы экономикага эгедер болуу менен бирге, кытай ишкерлери үчүн географиялык жактан дагы абдан ыңгайлуу жайгашкан.
Ошондуктан, Кыргызстан менен Кытай элдеринин мыкты жашоосу үчүн эки тараптуу соода-экономикалык мамилени дагы тереңдеп изилдеп, өнүктүрөбүз деп ойлойм.  
- “Бир алкак-бир жол” долбоорунда Кыргызстандын ээлеген орду кандай болушу мүмкүн, канчалык деңгээлде бул долбоордун Кыргызстан үчүн мааниси бар?
- “Бир алкак-бир жол” долбоору Борбордук Азия, Африка жана Европанын 60тан ашуун мамлекеттерин Кытай менен байланыштырып, экономикалык, транспорттук коридорлорду, жаңы соода жолдорун түзүүгө, өнүктүрүүгө арналган кошуна мамлекеттин эл аралык демилгеси болуп саналат.
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталып, колго алынган “Бир алкак-бир жол” концепциясы, ааламдашуу мезгилинде, Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты. Ошондуктан, бул демилге биздин мамлекет тарабынан дагы колдоого ээ болду.
Кыргызстан бул маршрутта географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу менен катар, долбоордун ишке ашуусуна активдүү катышып келет. Кытай ишкерлери концепциянын түзүп берген мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонуп, Жибек жолунун деңиз жана жер үстүндөгү жолдорундагы соода-экономикалык тармактарды кеңейтип, өз ара кызыкчылыктарды коргоо менен инвестициялоо багыттарында терең иш алып барышат деп үмүттөнөм.
- Сиздин оюңуз боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгында кайсы тармакты (билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм ж.б.)  дагы тереңдеп өнүктүрүү керек?
- Эки мамлекеттин бардык тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү потенциалы абдан күчтүү. Эң эл жөнөкөй мисал, туризм тармагы. Кыргызстан кытай элин кол тийбеген жаратылышы, табиятынын сулуулугу, тамак-аш продукциясынын экологиялык жактан тазалыгы менен кызыктырып келет.
Түштүк Кытай туристтик компанияларынын бир катары Кыргызстанга кытай туристтерин жиберүүгө куштар. Бул багытта дагы иш-аракеттер көрүлүп, жакынкы мезгилде турфирмалар менен биргеликте иш-чаралардын аткарылуусу күтүлүүдө.
Электрондук визаны ишке киргизүү, бул дагы кытай туристтерин Кыргызстанга тартууга болгон бирден-бир фактор болуп эсептетелет. Бирок, тилекке каршы, тоскоолдуктар дагы жок эмес. Кытайдын чоң-чоң шаарларынан Кыргызстанга түз аба каттамынын жоктугу, башка мамлекеттерге караганда эс алуунун кымбаттыгы ж.б. маселелер кытай туристтеринин агымын, Кыргызстанга тартууга кыйынчылыктарды жаратууда.
Кытай, азыркы тапта, дүйнө жүзүнө коомдун бардык тармактары динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары белгилүү. Алар,билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, илим изилдөө, коопсуздук ж.б. тармактары.
Ошондуктан, биз Кытай менен тыгыз кызматташтык алакада болуп, тажрыйба алмашып, үлгү алчу жерден үйрөнүп иштешүүгө аракет кылуубуз абзел. Анткени, Кытай Кыргызстан менен өз тажрыйбасы, билими  менен бөлүшүүгө даяр.
Кытай жергесинде жашап же окуп жаткан биздин мекендештер сиздер менен кандай байланыша алышат?
Кыргызстандын Башкы консулдугунун дареги: 510620, Гуанчжоу шаары, Тяньхэ району, Тяньхэлу 228, Гуаншэн имараты, 707-кабинет.  Телефон: +(8620)38013875   Факс: +(8620)38013472    Электрондук почта: [email protected]   
Веб-сайт дагы сиздердин кызматыңыздарда  www.kgconsulate-guangzhou.com                                          
Мындан сырткары, фейсбуктан дагы бизди тапсаңыздар болот. Дагы кошумча маалымат берип кетсем, “Вичатта” Башкы консулдуктун демилгеси менен түзүлгөн “Гуанчжоудагы Кыргызстандыктар” аттуу атайын группабыз бар. Ушул жактан дагы көптөгөн маселелер каралып, мекендештерибиз өздөрүнүн сунуштары, ой-пикирлери менен бөлүшүп, суроолоруна жооп ала алышат.   

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)