WeChat      Избранное

Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул–чыныгы бакыт

31/08/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул–чыныгы бакыт

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү-мамлекеттин башкы майрамы. 

Сүрөттөр Интернеттен алынды

Эгемендүүлүк майрамы ар бир мамлекет, ар бар чыныгы атуул үчүн башкы күн болуп саналат. Тарыхка сереп салып карап көрсөк, ушундай эркиндик күнү үчүн кандай гана кан төгүүлөр болуп, көз жаштар аккан эмес. Мамлекетинин көз карандысыздыгы үчүн өз жашоосун арнаган эл уул-кыздары тарых барактарында четинен кездешет. 

Эгемендүүлүк күнү Кыргыз Республикасында 31-август күнү белгиленет. Бул күнү борбор шаарыбыздан баштап, айыл жергелеринде дагы майрамдык маанай тартуулаган оюн-зоок программалары уюштурулат. Ал эми Бишкек шаарында майрам мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү менен башталат. 

1991- жылдын 31- августунда Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин сессиясында “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү тууралуу” декларация кабыл алынган. Мамлекеттүүлүктүн келиши менен бирге, кыргыз элинин, Кыргызстандын жашоосунда чоң тарыхый бурулуш болду. Эркиндик менен бирге, жашоонун жаңы этабы башталды. Дүйнөлүк географиялык картанын бир бөлүгүн “Кыргызстан” аттуу көз карандысыз,эгемен мамлекет ээледи. Ошол күндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин кыргызстандыктар Эгемендүүлүк күнүн чоң салтанат менен өткөрүп келишет. Быйыл, 2017-жылы бул майрамды белгилеп келгенибизге 26 жыл толду. 

Ушул 26 жыл эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстан бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүү менен бирге эле, ар тармакта өнүгүп, эл аралык аренада өздүгүн тастыктап, мыкты ийгиликтерди дагы жарата алды. Албетте, бир өлкөнүн тарыхында 26 жыл өтө аз убакыт, бирок, ушул жылдар аралыгында өлкөбүздө көзгө көрүнүктүү өнүгүү болуп, бир канча мыкты иш-чаралар өткөрүлдү. 

Эл аралык байланыштар-Кытай

Көз карандысыздык жылдар аралыгында, эл аралык байланыштар дагы бекемдеп, Кыргызстандын дүйнө элдери менен болгон алакасы бүгүнкү күнү дагы жогорулап өсүүдө. Бул кызматташтык, өзгөчө, байыртан кошуна болуп келген Кытай Эл Республикасына тиешелүү. 

Кытай Эл Республикасы 1991- жылдын 27 - декабрында Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган алгачкы мамлекеттердин бири болгон, ал эми 1992 - жылдын 5 - январында дипломатиялык байланыш түзгөн. Ушул жылдын январь айында дипломатиялык байланышыбызга 25 жыл толду. Бул жылдар аралыгы ар тармакта көзгө көрүнүктүү өзгөрүүлөр болуп, биргеликте көптөгөн иш – чаралар өткөрүлдү. Өзгөчө, “Бир алкак-бир жол” долбоору эки мамлекет ортосундагы гана кызматташтыкты өнүктүрбөстөн, аймактар аралык алаканы дагы бекемдөөгө өбөлгө болууда. 

Ушундай Кыргызстандын улуу майрамы менен элибизди айрым атуулдарыбыз куттуктап, өз ой-тилектерин билдиришти. 

Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул–чыныгы бакыт

Козубеков Муканбетжусуп.

Муканбетжусуп Козубеков, Ат-Башы райондук Кеңешинин “Ат-Башы жаңылыктары” гезитинин башкы редактору:

 “Эл аралык кызматташтыктар бекемделип, чыңдала берсин” 

- Жалпы кыргызстандын элин, мекендештеримди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы менен куттуктаймын. Бардыгына, узун өмүр, бекем ден соолук, иштериндеги ийгиликтерди каалайм. Ушул алган эркиндигибиз өзүбүзгө буюруп, дүйнөдөгү эң алдыңкы мамлекеттердин катарын толуктайлы. Ал үчүн, жалпы бардыгыбыз бир кишидей иштеп, өлкөбүздүн экономикасын өнүгүшүнө салымыбызды кошуубуз зарыл. Туруктуулук үчүн жалпыбыз бирдей аракеттенип, ынтымак, биримдик ичинде иш алып баралы.

Ушул эгемендүүлүк жылдары эл аралык байланыштарыбыз дагы жогорулап, өнүгүп келе жатат. Дагы да болсо, эл аралык кызматташтыктарыбыз бекемделип, чыңдала берсин.  

Алдыда, президенттик шайлоо өткөрүлгөнү турат, эми ушул шайлоодо өзүбүзгө татыктуу, азыркы иштеп жаткан президентибиздин ишин улап кете турган адамды шайлап алалы, майрамыбыз кут болсун.   

Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул–чыныгы бакыт

Кемелбек Ашыралиев.

Кемелбек Ашыралиев, коомдук ишмер: 

“Эгемендүүлүк майрамынын кадырын сезип, барктап-баалап алабыз деп ишенем”

- Биздин ата-бабабыздан бери эгемендүүлүктү эңсеп келген да. Совет Өкмөтүнүн түзүлүп калышынын аркасында бизге, эркиндик согушсуз, кансыз келди калды. Эгемендүүлүк майрамын бардык башка майрамдарга караганда чоң салтанат менен өткөрүүбүз зарыл. 

Бул майрамдын кыргыз эли үчүн, Кыргызстан үчүн мааниси абдан зор. “Эгемендүүлүк” сөзүнүн өзү эле кандай маанилүү. Жоопкерчилиги дагы ошондой эле зор. Кичинекей өлкөбүздүн мыктылыгын бүт дүйнө жүзүнө таанытып, ар бир атуул ак ниети менен өз өлкөсүнө кызмат кылса деген тилекти айтып кетким келет.

Ата-бабабыздан калган өзүбүздүн жерибиз, көлүбүз бар. Жайлообуз, малыбыз бар. Таза аба, тунук суу жана берекелүү жергебиз бар.  Ар бир жаран “элиме кызмат кылайын, өлкөмө пайда келтирейин” деген ниетте болуп, кирип келген эгемендүүлүк күнүбүздү жакшы тосуп алалы. Жумурай журт менен Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошолу. Ар бир күндү, ар бир жылды жакшылык менен майрамдап турсак деген ой-тилек. 

Дагы бир жолу Кыргызстандын элин мындай белгилүү, маанилүү майрамы менен куттуктайм. Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болуп, элибиз береке-молчулук, ынтымак ичинде жашасын. Бул майрамдын кадырын сезип, барктап-баалап алабыз деп ишенем.

Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул–чыныгы бакыт

Сагын Ниязалиева.

Сагын Ниязалиева, режиссер, продюсер: 

“Элибиздин жөнөкөйлүк менен айкалышкан улуулугу бүгүнкү күнү дагы сакталып келет” 

- Кыргыз элибиз эбегейсиз, духу күчтүү, эрки күчтүү  эл болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү абдан чоң майрам. Бул майрамдын мааниси абдан зор. Ушул күн биздин элибиздин, жерибиздин өнүгүшүнө  зор салымын кошот. 

Кандай болгон күндө да, элибиздин ынтымагы, биримдиги, жөнөкөйлүк менен айкалышкан улуулугу бүгүнкү күнү дагы сакталып келет. Ушул сапаттардын аркасы менен элибиз өнүгүп, дүйнө элдери менен болгон байланышын чыңдап, Кыргызстанды эл аралык аренада татыктуу таанытып келе жатат. Территориябызда элибиздин саны аз болсо дагы, спорт, маданият, билим тармактарында дүйнөдө ийгиликтерди жаратып, үлгү көрсөтүп жүрөбүз.

Жалпы элиме ушундай эгемендүүлүк күнүндө, эң башкысы тынччылыкты каалайм. Алдыда, мамлекетибиз, элибиз үчүн дагы бир маанилүү кадамдардын бири болгон, президенттик шайлоо болгону турат. Бардыгыбыз бирдикте, жакшы эл адамын шайлап алсак деген тилектемин.

Эң негизгиси ден соолук, аманчылык болсун. Өсүп келе жаткан жаштарыбыз, балдарыбыз ыймандуу болуп, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн кызмат кылышат деп ишенем. Бекеринен “Жаштар биздин-келечегибиз” деп айтпайбыз да. 

Эркин мамлекетте, эгемен жерде жашоо бул–чыныгы бакыт

Юсупов Замир.

Замир Юсупов, Ош шаардык мэриясынын алдындагы Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору: 

“Учурда, Кыргызстан ар тараптуу алакаларды чыңдап, дагы да болсо өнүгүүнүн жолунда”

- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы менен жалпы кыргызстандыктарды чын жүрөктөн куттуктайм. Көз карандысыздыкты алган күн ар бир эл үчүн абдан маанилүү күн экендиги талашсыз. Эгемендүүлүк жылдар аралыгы Кыргызстан эл аралык байланыштарын бекемдөөгө өзгөчө басым жасап келет. Дүйнө эли менен болгон жакшы мамиленин негизинде, жергебизде сырттан келген ишкерлердин саны көп. Биз чет өлкөлүк ишкерлер чөйрөсү менен ар дайым иштешүүгө даярбыз. Учурда, Кыргызстан ар тараптуу алакаларды чыңдап, дагы да болсо өнүгүүнүн жолунда.

Элдик майрам күнү дагы ушундай эл аралык кызматташтык мамилелерибиздин өөрчүй берүүсүн каалап кетмекчимин. Жергебизди ар качан тынчтык байырлап, дасторконубуз берекелүү болсун.  Алдыда, келе жаткан президенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүп алалы.  


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)