WeChat      Избранное

Кыргыздын уюткусу - Ат - Башы аймагы

12/07/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыздын уюткусу - Ат - Башы аймагы

Төбөсү көк тиреген - Ат - Башы.

Тарых барактарында Улуу Жибек жолунун мааниси өзгөчө. Себеби, бул жол жеке гана экономикалык жактан баалуу болбостон, эл аралык мамилелердин, карым - катнаштын, кызматташтыктын өнүгүүсүндө дагы бараандуу орунду ээлеп келген. Жибек жолун бойлой жайгашкан аймактар башка элдин, мамлекеттин каада - салтын, маданиятын кербенчилер аркылуу таанып, өмүрү атын укпаган калктын, кол өнөрчүлөрдүн буюм - тайымын сатып алууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Ушундай  аймактардын бири бул Кыргызстанда жайгашкан Ат - Башы өрөөнү. Бул калаа ар качан жаратылышынын көз жоосун алган кооздугу, элинин меймандостугу, кичипейилдиги, кол өнөрчүлүгү менен белгилүү болуп келген. Бүгүнкү саныбызда дал ушул Ат - Башы өрөөнү тууралуу маалымат бермекчибиз.

Кыргыздын уюткусу - Ат - Башы аймагы

Колунан көөрү төгүлгөн Ат - Башы уздары.

Токторбек Өмүрбеков, тарых илимдеринин доктору, профессор: “Ат - Башы аймагынын саясий кызматташтыкта стратегиялык орду зор” 
- Байыркы Ат – Башы шаары боюнча алгачкы мааалыматтар Ортоңку кылымдарга барып такалат. Негизинен бул маалыматтар араб авторлоруна Кудама ибн Джафар, Ибн Хордадбег ж.б. таандык болуп эсептелет. 9-10 – кылымдагы араб саякатчылары, географтары жалпы Кыргызстандын аймагында жайгашкан калаалар, чоң кыштактар, орто жана майда курган жайлары жөнүндө маалымат берип, алардын бир – биринен кандай аралыкта жайгашкандыгы, маршруттары тууралуу маалыматтарды жазышкан. Ал жазууларында Ички Теңир – Тоо, Ат – Башы өрөөнүнө, байыркы Ат – Башы калааасы жөнүндө дагы эскертип кетишкен.

Кыргыздын уюткусу - Ат - Башы аймагы

Ат - Башы районунун борборунан бир көрүнүш.

Аймактын Кыргызстандын тарыхындагы орду белгилүү өлчөмдө бар. Аны эч ким тана албайт. Анткени, биринчиден бул аймак стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу өрөөн болгон. Азыркы учурда деле Ат – Башы району, анын ичинде Ат – Башы  өрөөнү Ак – Сай жана Арпа жайлоолору Кыргызстандын түштүк - чыгыш тараптагы Кытай Эл Республикасы менен жанаша жаткан чек ара аймагы болуп эсептелет. Анан калса кыргыздардын Кытай жергесиндеги Кызыл – Суу автономдуу облусу негизинен Ат – Башы, Алай, Жети – Өгүз аймагы менен дагы жанаша жатат.
Экинчиден бул аймак, Орто кылымдарда, а түгүл байыркы доордо дагы эл аралык, кербен жолдорунун таманында жаткан аймак болгон. Б.з.ч. 2 – кылымдын аяк ченинде кытайлык саякатчы, элчи Чжан Цяндын күндөлүктөрүндө дагы жазылган маалымат бар. (Менин оюмча, Ысык – Көлдөн Нарынга келген убагында Ат – Башы тууралуу маалыматты да жаза кетсе керек) Ошол мезгилден баштап Улуу Жибек жолу түптөлө баштаган. Ал эми Орто кылымдарда Ат – Башы өрөөнү жибек жолунун бир бутагы жайгашкан аймак болгон.
Кийинки кылымдарда дагы бул аймак аркылуу кербенчилер Кашкарга, Чыгыш Түркстандын башка калааларына дагы кербенчилер өтүп турган. Демек Улуу Жибек соода жолу түптөлгөндөн тартып, дээрлик 20 – кылымдын башына, Октябрь революциясына чейин Ат – Башы аймагы эл аралык мамилелердин, соода – катнаштардын, кызматташтыктын өсүп – өнүккөн жергесине айланып, анын мааниси абдан зор болгон.
Үчүнчүдөн Орто кылымдарда бул жерде өтө маанилүү тарыхый окуялар болуп өткөн. Мисалы, Улуу Түрк кагандыгы доорундагы окуяларды, кагандык Батыш жана Чыгыш деп экиге бөлүнүп кеткендеги мезгилди Ат – Башы аймагысыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Айрыкча, Карахандар кагандыгы тууралуу кеп кылганда, кагандыктын түптөлө баштаган кези ушул Ат – Башы, Нарын аймагына дагы байланыштуу. Карахандар кагандыгы түзүлөөрдүн алдында, карлуктардын ханзаадалары Кашкарда жашап турушкан да. Мына ошондо Кашкардан Сатук Абдулкерим (Карахандар кагандыгын негиздөөчүсү) биринчи Ат – Башы аймагына келип атайын өзүнүн орук – турагын куруп, ушул жерде өзүнүн алгачкы аскерлерин топтоп, борбордук бийликке каршы козголоң уюштуруп, анан акырындап Ички Теңир тоону, Ысык – Көл, Чүй өрөөнүн өзүнө каратып, 940 – жылы Караханиддер кагандыгын түзгөн.
Борбору Баласагындын жайгашкан жери,  азыркы Токмок шаарындагы Бурана мунарасы болгон. Ошондуктан орто кылымдагы араб авторлорунун эмгектеринде Ат – Башы тууралуу бир катар маалыматтардын жазылып калгандыгы бекеринен эмес. 

Кыргыздын уюткусу - Ат - Башы аймагы

Кылымдарды карыткан Таш - Рабат кербен сарайы.

“Таш - Рабат кербен сарайы эл аралык карым – катнашты, соода – сатыкты бекемдеген”
Моголистан мамлекетинин тарыхчысы “Тарих - и Рашиди” китебинин автору Мухаммед Хайдар дагы бул аймак тууралуу жазып, анан дагы өзүнүн чебин, оругун курган Моголистан мамлекетинин ханзаадасы Мухаммед жөнүндө дагы маалымат келтирет.
Мухаммед ханзаада бизге Таш - Рабат кербен сарайын куруусу менен белгилүү. Ортоңку кылымдарда 9 – 10 – кылымдардан тартып моңголдор дооруна чейин Улуу Жибек жолунун бир канаты Ат – Башы жергеси тууралуу өтүп турганы талашсыз. Бул эч кандай шектенүүнү туудурбайт. Кытай аймагына, Ысык – Көл тараптан Кулжага кетүүгө ылайыктуу болсо, Кашкар, Хотан, Үч Турпан шаарларында Ат – Башы аркылуу өтүү ыңгайлуу болгон.
Таш - Рабат жайгашкан капчыгай, башка ашууларга салыштырмалуу жапыз болгондуктан Орто кылымда негизги ашуу катары колдонушкан. Ошондуктан, 15 – кылымда Мухаммед ханзаада бекеринен кербен сарайды дал ушул жакка курдурган эмес.
Таш - Рабат кербен сарайы эл аралык карым – катнашты, соода – сатыкты бекемдөөдө пайдасы зор болгон. Себеби Улуу Жибек жолу жеке гана Кытайга алып барбастан Индия, Пакистан ж.б. аймактарга чейин созулган. Саясий кызматташтыкта стратегиялык мааниси абдан чоң.
Ошентип Карахандар, Моголстан, Чагатай, а түгүл кийинки Мухаммед Кыргыз (1513 – 1514 - жылдары мамлекет түзүлгөн) менен моголдордун ханы Сейит хандын ортосундагы теңтайлашуу, жер талашуу учурунда дагы Ат – Башынын стратегиялык роль ойноп тургандыгын “Тарих - и Рашиде” жазылып айтылып калган. 
Ат – Башы калаасы тууралуу айта турган болсок, бул көпчүлүк тарыхчылардын айтканына, далилдегенине караганда, анын ичинде 20 – кылымдын Совет доорунун Бернштам өңдүү белгилүү тарыхчы – археологдордун изилдөөсү боюнча Ат – Башы өзү 8 – 9 –кылымдарда эле чеп катары кызмат өтөп, жергиликтүү башкаруучулардын орук – турагы болгон деген жыйынтыкка келишкен. Ошондуктан канчалаган кылымдар бою өзүнчө стратегиялык орду бар маанилүү калаа болуп келген.
“Балалыгым Кошой Коргондо ойноо менен өткөн”
Байыркы Ат – Башы шаарынын урандысы, азыркы мезгилде Кошой Коргон деген ат менен белгилүү. Азыркы Ат – Башы кыштагынын күн батыш жагында 11 – 12 км алыстыкта жайгашкан Кошой Коргон деген чоң чеп коргон бар. Мен ошол чептин жанында Кара – Суу деген айылда туулуп өскөм. Биз бала чакта, тээ 1960 – жылдары Кошой Коргон чебинде ойноп да калдык.
Эми бул коргонду белгилүү археологдор көп изилдеди. Федоров, Аттокуров ж.б. мен дагы өзүм археологиялык казууларда катышып калдым. Мына ушундай изилдөөлөрдүн негизинде Кошой Коргон эки чептен турганы далилденген. Ал эми бүгүнкү күндө курулуштун ички чебин көрүүгө болот. Бул жактан Салымбеков Аскар Мааткабыловичке ыраазычылык билдирүү керек. Коргондо археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бир канча жыл катар демөөрчү болуп турду. Мындан сырткары коргондун түштүк - чыгыш тарабына тарыхый - этногорафиялык Кошой Коргон музейин уюштуруп берген. Тегерегин тосуп, кошой Коргонду сактап калуу үчүн бир канча жакшы иштерди баштаткан.
 Азыркы күндө Айтор Ат – Башы шаарынын дагы, Ат – Башы аймагынын дагы тарыхы Кыргызстандын тарыхынын ажырагыс бөлүгү, Эгемен Кыргызстандын тарыхын бул аймактын тарыхысыз толук кандуу элестетүү мен үчүн кыйын.
ТЕМАНЫ УЛАЙ
Илимпоздор дүйнөсү Таш - Рабат тууралуу...
Таш-Рабат кербен сарайы райондун борборунан 90 чакырым алыстыкта, Бишкек-Торугарт жолунун түштүк жагында тоо арасындагы капчыгайда жайгашкан. 15-кылымга таандык. Кыргызстандагы орто кылымдык кол өнөрчүлүк эстеликтеринен сакталып калган Бурана мунарасы, Өзгөндөгү архитектуралык комплекс, Шах-Фазиль мавзолейи жана Манас күмбөзү сыяктуу курулуш эстеликтеринин ичинен Таш-Рабат кербен сарайына өзгөчө орун таандык.
Таш-Рабат жөнүндө биринчи жолу XVI кылымдын экинчи жарымында автор Мухаммед Хайдар эскерет. Эстеликти ал 1408-1416-жылдарда Моголистанды башкарган Мухаммед ханзаада курган деп эсептейт.
Казактын көрүнүктүү илимпозу Ч. Валиханов Кашкардан кербен менен келатып, 1859-жылы Таш-Рабатты көрүп өткөн. Анын эмгегинде эстелик жөнүндө мындай жери бар: “Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы жана сүйрү чакан бөлмөлөргө өтөт”.
Эстеликти 1878-жылы карап чыккан А. М. Фетисовдун макаласында Таш-Рабат жөнүндө кызыктуу жана толук маалымат бар. Ал аны кербенчи менен жолоочулар акысыз түнөп өтүүчү «Сапар мейманканасы» сыяктанат деп эсептейт. А. М. Фетисов анын Чымкенттен Ташкентти көздөй кеткен жолдун боюндагы Рабаттарга окшоштугун белгилеген.
Таш-Рабатты 1944-жылы А.Н. Бернштамдын жетекчилиги астында Тянь-Шань-Алай археологиялык экспедициясы иликтейт. 1950-жылы жарык көргөн анын “Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери” аттуу китебинде, бир бөлүм Таш-Рабатка арналган. Ал бөлүмдүн негизинде Н. Н. Пантусовдун жарыялаган материалдары алынган. Ал эстеликти кербен сарай деп эсептөө менен бирге, имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айткан. “Таш-Рабаттын жабуусун карап турганда, - деп жазган ал, -өзүнчө бир жасалгалуу боз үйдү тегеректеген, көчмөндөрдүн таш болуп катып калган айылы сыяктанган элес көз алдымдан кетпей калат”.
 “Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери” (1955) деген кол жазмасында Б.Н. Засыпкин Таш-Рабат тууралуу маалымат берген. Анда, 1940-жылы аны ченеген архитекторлордун материалдары пайдаланылган. Мурдагы изилдөөчүлөрдөй эле ал дагы эстеликти XV кылымдагы кербен сарай деп эсептейт.

Кыргыздын уюткусу - Ат - Башы аймагы

Кошой Коргон музейи сырттан келген коноктордун көңүл чордонунда.

Калкынын негизинин 96 %ын кыргыздар түзөт
Ат-Башы району  - Нарын облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. 1930-ж. уюшулган. Түштүк жана түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасы,  чыгышынан,Ысык - Көл облусунун Жети - Өгүз району түндүгүнөн Нарын, түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан Ош облусунун Өзгөн, Кара - Кулжа райондору менен чектешет. Аянты 19,1 миң км. Райондо 10 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору – Ат-Башы кыштагы. Маанилүү тарыхый эстеликтери: Таш Рабат, Кошой Коргон. Босого, Улан, Жаңы-Жер, Таш-Рабат, Беш-Белчир сыяктуу сырттан келген конокторду суктанткан кооз жерлери бар.
Райондун аймагы Ички Теңир-Тоонун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан Ат-Башы өрөөнү, Аксай өрөөнү, Арпа өрөөнү, Чатыр-Көл ойдуңу жана аларды чектеп жаткан Байбиче-Тоо, Кара-Тоо, Ала-Мышык, Нарын, Ат-Башы, Какшаал сыяктуу бийик кырка тоолор ээлейт. Өрөөндөрү 2000-3800 м бийиктикте жатат. Эң бийик жери - Какшаал тоо тизмегиндеги Данков чокусу (5982 м).
Калкынын негизин кыргыздар (96,0%) түзөт, ошондой эле өзбек, уйгур, дунган, татар, казак ж. б. улут да бар. Орточо жыштыгы 1 км 2 жерге 2,8 киши.
  Райондун аймагы аркылуу Кыргызстанды Кытай м-н байланыштырган Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт, облустук маанидеги Нарын – Беш-Белчир – Чатыр-Таш автоунаа жолдору өтөт.

Мен үчүн Таш - Рабаттын өзгөчөлүгү, анын жалаң  таштан салынганы болду”
Мектепте окуп жүргөн кезимде Таш - Рабат кербен сарайына мугалимдерибиз,  классташтарыбыз менен бирге атайын автобус жалдап барып келгенбиз. Бул сапарыбыз абдан кызыктуу өткөн. Бир жагынан досторуң менен бирге жолго чыгуу болсо, бир жагынан китептен көп жолу окуп, тарыхтан жатка билген айтылуу кербен сарайды көрүү кызыкчылыгы болгон.
Бир канча саат жол жүрүп, Таш - Рабатка жакындаганда эле күндүн сууктугу сезилген. Биз жаздын аягы менен барсак дагы, кербен сарай жайгашкан тоо боорунан кар кете элек болчу. Атагы алыска кеткен Таш - Рабаттын чындыгында өзүнчө сүрү бар.
Төрт бурчтук формасында салынып, жалаң таш менен көтөрүлгөн чыгыш курулушу, азыр да болсо сырттан келген меймандарды тосуп алууга даяр. Албетте, азыркы тапта мейманкана катарында эмес, тарыхый эстелик катары туристтер үчүн ар дайым эшиги ачык.
Күндүн салкындыгына карабастан кербен сарайдын жанына дасторкон жайып, рабаттын ар бир булуң - бурчун биз кызыгуу менен карап жаттык. Ичиндеги бөлмөлөрдү биз дагы так санай алган жокпуз. Себеби, бир - биринин ичине эле катылгандай бөлмөлөрдү так саноо мүмкүн эместей сезилди. Курулуштун ичине киргенде эле чоң зал бар. Анын так ортосунда ороо жайгашкан. Залда туруп үстүн караганда, рабаттын төбөсү негедир боз үйдү элестетет. Бул курулуштун мага өзгөчө таасир калтырганы бул анын жалаң  таштан салынганы болду. Жука таштардан кынаптап көтөрүлгөн дубал, канча кылым өтсө да, өзүнүн сапаттуулугун жоготкон эмес. 
Бул сапарыбызда талаага казан асып, аш басканыбыз дагы өзгөчө эсимде калган. Себеби, абанын муздактыгынан тамагыбыз үч саат бою бышпай, бизди убара кылган. Кайрылып келе жатканда дагы жолдон автобус бузулуп, ошол жердеги бир үйгө түнөгөнгө туура келген. Ошондо жыйырмадан ашык кишиге кечинде дасторкон даярдап, самоорун улам - улам кайнатып, курсагыбызды тойгузган үй ээсинин меймандостугуна бүгүнкү күнү дагы ыраазы болуп келем. Кудай конокторун ушундай кичипейилдик менен тосуп алуу, Ат - Башы элинин мыкты сапаттарынын бири. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)