WeChat      Избранное

“Бир алкак – бир жол”эл аралык форуму - Кыргызстанга ачылган мүмкүнчүлүктөр

14/06/2017  Источник:оригинал   шрифта:

2017 – жылдын май айы Кыргызстан – Кытай алакасынын дагы бир тепкичке жогору көтөрүлүшү менен эсте кала турган болду. Ушул айдын 14-15 – майында Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында “Бир алкак -  бир жол” эл аралык кызматташуу форуму болуп өттү. Бул форумга Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев баш болгон топ жумушчу сапары менен барып катышып келишти.  Иш – чара эки күнгө созулуп, “Бир жол – бир алкак” долбоорунун негизиндеги маселелер талкууланып, жаңы келишимдерге кол коюлду. 

Форумга бир канча өлкөнүн президенттери, өкмөт башчылары, белгилүү эл аралык уюмдардын жетекчилери келишти. Иш - чара эң жогорку деңгээлде уюштурулуп, 1500гө жакын адам катышуучу болду. 

Ал эми “Бир алкак – бир жол” форумун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктоо сөзү менен ачып, тегерек столдо төрагалык милдетин аткарды. 

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин өз сөзүндө Жибек жолунун өзөгүн - тынчтык жана кызматташтык, ачыктык, ар тараптуу пайда жана коопсуздук тузөөрүн, Кытай “Бир жол – бир алкак” долбоорунун өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди. Муну менен биргеликте долбоорго катышкан ар бир мамлекет менен достук мамилени бекемдеп, өнуктүрүп, кабыл алынган келишимдерди иш жүзүнө ашырууга тез арада иштер башталаарын айтты. “Кытай соода – экономикалык жактан өнөктөш болгон проекттин катышуучулары менен активдүү түрдө ич – ара пайдалуу кызматташтыкты өнуктүрүүгө басым жасайт” деген оюн билдирди.  Бул гана эмес жаңычыл илимий – техникалык тармакты өнүктүрүү үчүн дагы ич ара байланышты бекемдеп, биргеликте лабораторияларды жана илимий – техникалык парктарды түзүү заман талабы экендигин тастыктап кетти. 

Форумдун ачылышында Кытай лидеринен башка, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Турциянын мамлекет башчысы Тайип Эрдоган жана БУУнун генсекретери Антониу Гутерриш сөз сүйлөштү. 

Кытай Эл Республикасына болгон иш сапар ийгиликтүү өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай жергесине болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстан үчүн маанилүү болуп эсептелген маселелерди талкуулап, Кытай тарап менен бир канча жолугушууларды өткөрдү. 14 – майда Алмазбек Атамбаев кытайлык жол жана көпүрө куруу мамкорпорация башкармасынын төрагасы Лу Шан менен жолугушту. Жолугушууда “Түндүк – Түштүк” альтернативдик жолун, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлор, андан тышкары Бишкектеги автожолдорду жаңылоо маселелери талкууланды. Президент жолдордун сапаттуу салынышына терең көңүл бурулушунун зарылдыгын баса белгиледи. 

Ушул эле күнү Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян – Уйгур автономдуу районунун Соода – өнөр – жай палатасынын вице – президенти, Үрүмчү шаарынын “Хуалин групп ЛТД” соода – өнөр жай компаниясынын президенти Ми Эньхуаны кабыл алды. Жолугушууда социалдык чөйрөдөгү конкреттүү долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын туризм тармагына түз инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев:“Кыргызстан “Бир алкак – бир жол”концепциясын “Таза коом” улуттук программасы менен байланыштырууга  даяр” 

15 – майда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Бир алкак – бир жол” эл аралык кызматташуу форумуна катышкан мамлекет башчыларынын кереге кеңешинде чыгып сүйлөдү.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев: “Ааламдашуу арымынын улам өсүп баратканы, интеграциялык процесстердин активдешүүсү көптөн үмүттөндүрүп, узак мөөнөттүү болочокту камтууда жана ошол эле мезгилде татаал проблемаларды да жаратууда. Ушул өңүттөн алганда Председатель Си Цзиньпин сунуш кылган идеянын ролун жана маанисин ашкере баалоо мүмкүн эмес. “Бир алкак – бир жол” биздин бардыгыбыздын алдыбызда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жаркын келечекти ачууда” – деди. 

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бул демилге деңизге жана дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн мүмкүнчүлүк берет. 

“Бирок ылгый логистикалык жана транспорттук маселелерди гана чечүү менен чектелбестен, биз Председатель Си Цзиньпин өз баяндамасында айткан санариптик Жибек жолун куруу идеясын колдогубуз келет”, - деген оюн билдирүү менен бирге Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтык жана бирге өсүп – өнүгүү максатында “Бир алкак – бир жол”концепциясын “Таза коом” улуттук программасы менен байланыштырууга  даяр экендигин айтып өттү. 

Мындан сырткары Президент төмөнкү милдеттерди чечүүгө киришүүнү сунуштады: “Биринчи, Кытайдан Кыргызстандын аймагы аркылуу Европага өтүүчү жибек була – оптикалык обого берүү линиясын (ВОЛС) кеңейтүү. Эгерде ВОЛС Кыргызтан аркылуу өтсө, Гонконгдон жана Шанхайдан Бернге жана Римге, Будапештке жана Брюсселге, Прагага жана Мадридке чейинки берүүлөрдүн ылдамдыгы ондогон эсеге өсөт. Экинчиси, жогорку технологиялык логистикалык борборлорду куруу жана биргелешкен электрондук сооданы өнүктүрүү. Алибаба, Таобао сыяктуу интернет – алптардын өсүү шартында Кыргызстан чоң Евразия өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрү үчүн, Интернет буйрутмаларды аткарууну тездетүү максатында логистикалык борборлорду курууга эң эле ыңгайлуу өлкө боло алат.”деп сөзүн улантты. 

Президенттин сөзү боюнча, жаңы Жибек жолунун алкагында Кыргызстан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун колдойт. “Бул жол Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорт инфрактурасынын өнүгүшүнө жана Персия булуңундагы жана Тынч океандагы портторго түз жана ыңгайлуу чыгууга өбөлгө болот. Андан калса, бул долбоор дүңүнөн алганда, жаңы жана альтернативдүү транспорт чубамасын түзүүдө, “Бир алкак – бир жол” концепциясынын түпкү максаттарына шайкеш келет”,- деди Президент. 

  16 – майда Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Кытай Кыргызстандын жакшы кошунасы, өнүгүү боюнча маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экендигин баса белгиледи. “Кытайдын бул жылдар аралыгындагы Кыргызстанга берген гранттык, финансылык жана техникалык жардамы өлкөнүн социалдык – экономикалык  өнүгүшүнө сезилерлик жардам болду”, - деди. Ал эми Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Жибек жолунун экономикалык алкагын түзүү боюнча демилгени жузөгө ашырууга катышуусунун маанисин белгиледи. Ал ошондой эле Кытай мындан ары да кыргыз тараптын керектөөлөрүнө жараша конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен Кыргызстандын экономикасын бекемдөө ишине жардам берүүнү улантаарын айтты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө лидерлер кыргыз- кытай фондун түзүүгө, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун курууга тийешеси бар маселелерди талкуулашты. Андан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндө, маданий – гуманитардык багытта өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү жана биргелешкен илимий – практикалык иш – чараларды өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду. 

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын Дипломатиялык байланышы быйыл 25 жылдык мааракесин белгиледи. Бүгүнкү күнү эки мамлекет, өкмөт, ведомстволор аралык жана башка эки тараптуу келишимдерге кол коюлган документтердин саны 200дөн ашык. Бул дагы болсо эки өлкөнүн мамилесинин бекемдигинен, аны өнүктүрүүгө эки жак тең кызыкдар экендигинен кабар берет.   

Жумакадыр Акенеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Бул “Бир алкак – бир жол” долбоору Кыргызстанга керектүү долбоор.” 

“Биздин мамлекет бул форумга катышуубуз абдан маанилүү окуя болду. Өзгөчө биздин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу дагы. Себеби эки жүз мамлекеттин ичинен болгону отуз мамлекет башчылары, жетекчилери чакырылды.

Кыргызстан үчүн бул форумдун мааниси абдан зор. Бир жыл мурун Шанхайда болуп өткөн чогулушта Кытай тараптан “Кыргызстан кичинекей мамлекет болгону менен бул өлкө аркылуу, илгерки жибек жолунун алты багыттагы жолу өтөт”,- деп айтылган. Азыркы мезгилде, алты жолдун экөөсү гана пайдаланылып жатат. Булар Торугарт жана Эркештам өтмөктөрү. Калган төрт жол пайдаланууга берилген эмес. Келечекте туризмди өнүктүрүү багытында иштер аткарууга башталганда калган төрт жолду дагы колдонсо болот деп белгилеп кетишкен. Жибек жолунун негизинде “Бир алкак - бир жол” деген ураан менен чыгып жатышат. Алдыдагы отуз жылдын ичинде Кытай ушул долбоордун ишке ашуусуна көлөмдүү сумманы пайдаланганы жатат. Мисалы үчүн, мындан 10-15 жыл мурун Кыргызстан аркылуу “Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан” темир жолу өтө турган болсо, Кыргызстан 2.5 – 3 миллиард доллар карызга алып, темир жолду курууга сарптамакбыз. Ал эми учурда, темир жолго ушу долбоордон акча бөлүнүп жатат. Мындайча айтканда Кыргызстан бир да тыйын төлөбөйт, керек болсо биз аркылуу өтсө транзит үчүн акча алабыз. 

Биздин президент өзүнүн сөзүндө: “Кыргызстан чоң логистикалык борбор болууга даярбыз” – деп айтып кетпедиби. Эми чындап айтканда, бизде Кытайдын товарын саткан Дордой, Кара – Суу жана Мадина деген чоң – чоң базарлар жайгашкан. Анча – мынча тажрыйба бар. Өзбекстан 20 миллиард долларга чек арасы жок болгонго келишим түздү. Ошол себептен темир жол курулса, Өзбекстандын товары Кытайга, Кытайдын товары Өзбекстанга биз аркылуу өтүп, ошондой товарлардын көлөмү мисалы 50-60 же 100 миллиардга чейин өтүп турса, анын беш пайызы эле Кыргызстанга калса бизге бул абдан чоң жардам болот. Тышкы карыздан дагы кутулабыз. Жаңы жумуш орундары пайда болот. Чындыгын айтканда бизге бул абдан керектүү долбоор. Ошол себептен биздин президентибиз барып катышып анан тиешелүү келишимдерге кол коюлганы бул абдан мыкты жөрөлгө. Биздин экономиканын кирешесинин өнүгүшүнө чоң жардам берет. 

Эмиль Шадыханов, Ош облусунун тышкы экономикалык байланыштар комитетинин төрагасы, илимдин доктору: “Эки эл, эки мамлекет үчүн бардык жагынан жол ачып, ийгиликтерге жеткирет деп ишенем.” 

Коңшу Кытай Эл Республикасында болуп өткөн “Бир алкак - бир жол” эл аралык форуму өзүнүн максатына жетти деп ойлойм. Форумдун уюштурулушу жогорку деңгээлде болду. Бул иш – чарага Президент Атамбаев  Алмазбек Шаршенович баш болгон топ катышып келишти. Биздин Президент Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин “Бир алкак – бир жол”долбоорун сунуштагандан бери колдоп келе жатат.  Кыргызстан үчүн абдан маанилүү проект деп ойлойм. Ош аймагы боюнча айтып кетсек, долбоордун негизинде бир канча иштер аткарылып жатат. Ош облусу менен чектешкен Кытай Эл Республикасынын аймактары, мисалы Кызыл – Суу, Кашгар округдары менен дагы биргеликте, эки тараптуу иш алып барып, тыгыз кызматташтыкта алака түзүп келебиз. Бул долбоордо экономикалык гана тарап каралбастан, маданий байланыштын өнугүшүнө дагы мыкты шарттар тузүлүүдө. Эки эл, эки мамлекет үчүн бардык жагынан жол ачып, ийгиликтерге жеткирет деп ишенем. 

Кубатбек Рахимов,  КР Соода - Өнөр жай палатасынын Логистика жана инфраструктураны өнүктүрүү, экспортко чыгаруу, өнөр-жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы: “Биз “Кытай достугун” өнүктүрүүгө ар дайым даярбыз.” 

“2013 – жылы Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзиньпин тарабынан бул долбоор сунушталган. Форум абдан мыкты деңгээлде өттү. Кытай лидери Си Цзиньпин, Россия мамлекет башчысы Владимир Путин жана Бириккен Улуттар уюмунун Генсекретары Антониу Гуттерештин катышуусундагы куттуктоо сөздөрү иш – чаранын канчалык деңгээлде жогору болгондугунан кабар берип турат. Ал эми форумдун жалпы уюшулушу, жүрүшүндө кытай тарапка баа берүү керек, абдан дыкаттык менен даярдалган. 

Менин жеке пикиримде “Бир алкак - бир жол” долбооруна байланыштуу бардык  проекттер көп тараптуу болуусу зарыл. “Түндүк – түштүк” альтернативдүү жолу дал ушундай долбоорлордун катарын толуктайт. Ушул жолду куруп, товар каттамдарын жүргүзүп алсак жакшы иштердин бирин аткарган болот элек. Бул жактан дагы басым жасап айта кетчү нерсе, Кытай жергесинде өз ордун таап калган күндөн, шамалдан энергия алган станцияларды Кыргызстанда дагы өнүктүрүү керек. Кытай туристтерин жергебизге тартууга аракет кылуу заман талабы. Таза аба, суу, кооз жаратылыш, экологиялык таза продуктуларыбыз менен биз сыймыктана алабыз. Биз ушундай табиятыбызды сактап калуу менен бирге кытай туристтеринин Кыргызстанга келип эс алууларына толук мүмкүнчүлүк түзүп берүүбүз керек. “Кытай достугун” өнүктүрүүгө дайым даярбыз. 

“Бир алкак – бир жол” ... 

“Бир алкак – бир жол” долбоору 2013 – жылы күз мезгилинде КЭРнын Төрагасы Си Цзиньпиндин тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнө, Индонезияга болгон сапарында биринчи жолу сунушталган. Бул Кытай демилгесинин негизги максаты эл аралык кызматташуунун жаңы түрүн түзүү жана аны өнүктүрүү, Кытай Эл Республикасынын катышуусу менен эки тараптуу жана көп тараптуу аймактар аралык байланышты бекемдөө жана өөрчүтүү болуп эсептелет. Кытайдын официалдуу маалыматтарына караганда “Бир алкак – бар жол” Евразиянын көпчүлүк бөлүгүн ичине камтыйт. Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталган “Бир алкак – бир жол” долбоору “Жибек жолунун экономикалык алкагы” жана “21 – кылымдын Жибек жолундагы дениз жолу” проекттеринин биригисүүнөн келип чыккан долбоор. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)