WeChat      Избранное

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

15/06/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

Өзгөчө архитектуралык курулуштарга ээ болгон Ички Монголиянын Ордос шаары.  

Кытай жергесинен билим алып келген Кыргызстандык жаштардын саны күн санап көбөйүүдө. Кытай тилинин артынан мыкты орундарда иштеп, келечегин куруп, эмгегинин үзүрүн көрүп жаткан жарандарыбыз аз эмес. Алардын бири Labori Compani жана Sultan Gold компаниясынын директорунун жардамчысы Тураров Урмат. Урмат кытай тили жана Кытай жергесиндеги болгон студенттик жашоосу тууралуу биздин гезитке маек куруп берди.  

- Алгач өзүң, алган билимдериң тууралуу айтып берсең?

- Өзүм Ат – Башынын Башкайыңды айылынан болом. Бишкек шаарында өсүп, № 68 мектеп гимназиясын бүтүргөм. 2008 – жылы Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Чыгыш тилдер бөлүмүнүн кытай тили жана адабият бөлүмүнө окууга киргем. Университетте окуп жүргөн кезимде 2011 – жылы Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия аймагынын административдик борбору болгон Хух - Хото шаарындагы Ички Монголия университетине Конфуций Институту аркылуу бир жылдык тил курсуна окууга барып келгенмин. Бул жактан жогорку окуу жайды аяктаган соң, кайрадан эле Хух - Хото шаарына өзүм окуп – билип келген университетиме магистратураны улантууну чечкем. 

Чындыгында магистратурага мындан сырткары дагы Кытайдын эки жогорку окуу жайына, бюджеттик негизде Хэнань жана Тил жана маданият Пекин университеттерине кабыл алынгам. Бирок, бир жыл окуп келгениме байланыштуу Ички Монголия аймагы мага жакын сезилди, кандайдыр бир деңгээлде Бишкек шаарына дагы көп окшоштуктары бар. Аба – ырайы, табияты, элинин меймандостугу дегендей. Ошол себептен Хух -  Хото шаарында билим алуумду уланттым.

Муну менен бирге, быйыл К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын “Эл аралык байланыштар” бөлүмүн аяктадым. 

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

“Сүйүктүү агайым Хугжилту менен”

- Кандай себептерден улам Ички Монголия университетин тандап калдың?

- Мен “Манаста” окуп жаткан маалда, биздин университетке Ички Монголия университетинин ошол кездеги проректору, профессор Хугжилту аттуу агай сабак берип иштеп калды. Бул агайдын менин кытай тилин үйрөнүүмдөгү салымы абдан зор. Себеби, Кытай мамлекетине, маданиятына жана тарыхына мага жол баштап берген бирден – бир мугалимим ушул адам болгон. Хугжилту агай азыр дагы Пекиндеги Тил жана маданият университетинде талыкпай эмгектенип келет. Ушул агайдын сунушу менен Конфуций Институту аркылуу тил курсуна Ички Монголия университетине баргам. Андан кийин дагы магистратурамды ошол жактан улантууну чечтим. 

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

Ордос шаарындагы Чыңгыз хандын мавзолейи.

“Биринчи жолу Ички Монголия университетинде кыргыздарды, Кыргызстанды тааныткам десем жаңылышпайм” 

- Чет өлкөлүк студенттер үчүн Кытай жергесинде билим берүү системасы кандай, кыйынчылыктар көп болобу?

- Менин жеке пикиримде кайсы гана чет мамлекет, кандай гана күчтүү окуу жай болбосун, ал жактан татыктуу билим алуу ар бир студенттин өзүнө гана тиешелүү болот. “Окуйм” деген адам, Кытайдын кайсы бурчуна барбасын, тырышып окуп келет. Ал эми аракет кылбаган студенттерди кандай окутса дагы, эч кандай натыйжасы жок келиши мүмкүн.

 Кытайдагы билим берүү системасы Европа окуу жайларындай эле түзүлгөн. Чет жерден келген студенттерге окуу шарттар толук түзүлүп, бюджеттик негизде келген студенттерди бир айга кенен жеткидей стипендия менен дагы камсыз кылып беришет.

 Албетте, кытай студенттерине салыштырмалуу, сырттан келген студенттерге талап анчалык деңгээлде жогору болбойт. Көп басым жасалбайт. Бирок ошого карабай, бир жыл гана даярдоо курсунда окуп, андан кийин дароо эле кесибиң боюнча билимди улантып кетүү бир аз кыйынчылык жаратат. 

- Сенде Кытай жергесинде кандай кыйынчылыктар, жетишкендиктер болду?

- Бир жылдык кытай тили курсуна барганымда, ал убакта Кыргызстанда кытай тилин үйрөтүү системасы азыркыдай өнүгө элек болчу. Чынын айтайын кытай тилим ошол мезгилде абдан начар эле. 

Ушул бир жылдык Кытайда окугандыгым, бир жагынан менин кытай тилин үйрөнүүгө болгон каалоомду күчөтсө, экинчи жагынан намыстантып тил үйрөнүүгө шартташтырды. Себеби, университетте кытайчамдын деңгээли начар болгодуктан, эки класс алмаштырууга туура келди. 

Окуунун башында мугалимдер менин атымды дагы билбестен, “Кыргызстандан келген студент” деп гана коюшаар эле. Мындай абал мени абдан намыстандырды. Ошондо эки айдын ичинде алдыңкы студенттердин деңгээлине жетүү максатын койдум дагы, сабактан тышкары үйдө күндө эң аз дегенде төрт саат, эң көп дегенде жети саатка чейин кошумча сабакка даярданууну адатка айланттым. Бул эмгегим сынакта толугу менен акталды. Төрт ай тырышып окуп, тайпалаштарымдын алды болгонго жетиштим. 

Мындан сырткары чет өлкөлүк студенттер арасында өткөрүлчү “Көркөм окуу” таймашына катышып, университет боюнча отуздан ашуун студенттин ичинен экинчи орунду камсыз кылдым. Бул мен үчүн кытай тилин дагы тереңдеп үйрөнүү үчүн абдан чоң стимул болду. Конкурста Кыргызстанды тааныштыруу боюнча текст жазып, жаратылышыбыздын кооздугун, сулуулугун даңазалаган, элибиздин меймандостугун камтыган слайд шоу дагы даярдагам. Өзүм калпак кийип алгам. Ошентип биринчи жолу Ички Монголия университетине кыргыздарды, Кыргызстанды тааныткам десем жаңылышпайм.  

“Кытай жергесиндеги эң кызыктуу, эң үнөмдүү сапар” Кытайга болгон алгачкы сапарың тууралуу айтып берсең?

- Мен эң биринчи жолу Кытайга 19 жашымда баргам. Ал убакта Кыргызстандан көпчүлүк ишкерлер коңшу мамлекет менен соода – сатык байланышын түзүп, соода алакасынын гүлдөп турган мезгили болчу. Ошондо Үрүмчү шаарына соода боюнча баргам. Автобус менен барып, жол азабын жакшы эле тарткам. Чек арадан өткөндүгүм эч эсимден кетпейт. Кишигин көптүгүнөн бут койгонго жер жок болуп тыгылыш. Ошондо биринчи жолу Кытайга кирип, Үрүмчүнү көрүп, өзгөчө таасир алып келгем. 

Мени, ошол убакта эң таң калтырган нерсе бул акча алмаштыруу системасы болгон. Биз жайгашкан мейманкананын айланасында адамдар колдоруна уучтап юань (Кытайдын акча биримдиги) көтөрүп алып, көчөдөн эле алмаштырып жүрүшкөндүгү абдан кызык келген.  Мындай жол менен акча алмаштыруу ишенимдүү болбосо керек деп ойлогом. 

Ал мезгилде Үрүмчү шаарын ишкерлердин көзү менен көргөм десем болот. Кайсы жакта кандай товар сатылып, канча акча тураарын үйрөнгөм. Болгон дүң соода борборлору менен таанышып, товардын арзандыгына таң калгам. 

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

Лоян шаарындагы Будда эстеликтери жайгашкан тарыхый комплекс.

- Кытайдын кайсы шаарларында болдуң?

- Кытай жергесинен көп эле шаарларын кыдырдым. Биринчи кезекте эле Үрүмчүнү айтуу керек. Анткени Кытайга барып – келген сайын ушул шаар аркылуу өтөбүз. Студенттерде акча дайыма ченелүү болот эмеспи, ошол себептен поезд менен да көп жүрүп калдык. Ланьчжоу шаарынан поезд күтүп, алмаштырып кеткен күндөрүбүз болду. Ошондуктан бул шаар менен да жакындан таанышбыз десек болот. Пекин шаарына турист катары дагы, жумуштун арты менен дагы барган учурларым көп болду. 

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

Гуанчжоу шаарынын түнкү көрүнүшү.

Анан 2014 - жылы кышкы каникул мезгилинде тайпалашым экөөбүз Кытайдын бир канча шаарын кыдырып келүүнү чечтик. Бул маршрут Хухоттон Сианьга, Сианьдан Лоянга, Лояндан Чжэнчжоуга, Чжэнчжоудан Кайфэнге, Кайфэнден Гуанчжоуга чейин чийилген. Байду сайтын (Кытайдагы маалымат сайты Яндекс, Google сыяктуу) ачып алып ар бир шаардын туристтик жайларын карап, ажайып жерлерин тизмелеп чыктым. Мисалы, Хухоттон Сиань шаарына поезд менен 22 саатта жетсек, кандай жерлерин көргөнгө үлгүрүшүбүз керек деп. Ашыкча акча коротпоо үчүн алдын – ала кандай автобустар, кайсы жерге алып бараарына чейин белгилеп жазып алгам. Сиань шаары тарыхка бай жер болгондугу үчүн, ага эки күн бөлгөм. Ушундай кылып ар бир шаарга план түзүп чыктым. Ошентип ар бир кадамыбызды эсептеп, жыйырма күндүн тегерегинде жогоруда айтылган шаарларды кыдырып келгенбиз. 

Студенттик билеттин жардамы менен, киришине акча төлөп кирген тарыхый, маданий жерлердин бардыгына жарым акчасын гана төлөп кирип жаттык. Бул сапарыбыз абдан ийгиликтүү болгон. Ар бир шаардын өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрүнө күбө болуп, Кытайдын ар тараптуулугу бир четинен суктантса, бир четинен кызыктырып жатты. Бир – бирине эч жакындыгы жок маданияттар жуурулушуп, бир арада өкүм сүргөндүгү таң калтырган. Бул туристтик маршрутубузга 25 миң сомдун тегерегинде акча коротконбуз. Эң үнөмдүү жана эң кызыктуу сапар болгон. 

Мындан сырткары Шанхай шаарына“Kyrgyz Union” коомдук бирикмеси уюштурган курултайга Хух – Хото шаарындагы кыргыздардын өкүлү болуп катышканда, барып келгем. Бул курултайга ошол кездеги Кытай жергесинде билим алып, иштеп жаткан Кыргызстандык жарандар катышкан. Маараке абдан жакшы уюштурулган. Ошол жакта талкууланып, кабыл алынган иштер, азыркы мезгилде кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстанда да ишке ашты деп ойлойм. 

Урмат ТУРАРОВ: “Кытай тилин үйрөнүүмдө Профессор Хугжилту агайдын салымы зор”

Сианьдагы дүйнөгө белгилүү “Жер астындагы аскерлер армиясы”.

- Кыдырган шаарларыңдын ичинен кайсынысы өзгөчө жакты?

- Мага негизи Пекин шаары жагат. Пекин ушунча чоң, өнүккөн шаар. Бирок, анда кандайдыр бир жөнөкөйлүк бар. Шаар абдан таза. Бекеринен Кытай Эл Республикасынын борбору болбосо керек. Калкы дагы абдан сыйчыл келет. Бирок, шаарды түтүн каптап турат, ал деле дайыма эмес. Бул мезгил – мезгили менен кайталанып турган көрүнүш. Шаар ичинде жумуштарды бүткөрүү жеңил. Себеби, ары – бери жүрүүгө метросу абдан ыңгайлуу курулган, үйрөнүү оорчулук жаратбайт. 

Ал эми Пекиндеги тарыхый – архитектуралык курулуштар, маданият борборлору жана дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон Улуу Кытай сепили өзүнчө сөзгө татыктуу. Бул шаар жеке гана Кытай Эл Республикасынын борбору болбостон, анын саясий, илимий жана маданий очогу да болуп саналат.  Борбордо ар улуттун өкүлдөрүн кездештирүүгө мүмкүн, биринчи көргөн кишиге супсак көрүнгөн шаар, жакындан тааныган сайын көркүнө чыгып өзүнө тартып алат деп айтаар элем. 

“Кытай тили келечегиме кынаптап коюлган фундамент” 

- Кытайда жергесинен билим алуудан кандай жетишкендиктерге ээ болдуң?

- Кытайда жалпысынан төрт жыл жүрүп келдим. Бул төрт жылдык студенттик жашоом абдан жакшы өттү. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген студенттер менен достоштум, канчалаган ар түрдүү маданият менен тааныштым. Көптөгөн ар улуттун адамдары менен таанышкан сайын, ошол адам аркылуу мамлекетин каада – салтын, тарыхын, маданиятын үйрөндүм. 

Ал эми, Кытай маданиятын, элин ичинен таанып, үйрөндүм десем болот. Дүкөндөгү сатуучудан баштап, көчө коопсуздугун караган тартип сакчыларынан бери таанышып, алардын бейтааныш адамга, студентке ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин көрдүм. Эмгекчил эл, карапайым. Материалдык байлыкка караганда, жан дүйнөнүн байлыгын бапестеп баккан эл катары эсимде калды. 

Менин оюмча чет жерден, мен өзгөчө мекенчил болуп кайттым. Мурун деле кыргыз уулу катары Ата журтума болгон сүйүүм күчтүү болчу. Бирок, канчалык көптү көрүп, башка элди тааныган сайын өз салт – санааңа, тилиңе, маданиятыңа болгон сезим тереңдейт экен. Алыста жүрүп жакындарыңдын баркын билесиң. Үй – бүлө, улут баалуулуктарына мамилем өзгөрдү. Дүйнө таанымым кеңейди. Ушулардын баары мен үчүн чоң жетишкендик. Анан албетте, азыркы тапта иштеп жаткан жумушум, бул дагы болсо, кытай тилин жакшылап үйрөнүп келгендигимдин жардамы. Кытай тили – келечегиме кынаптап коюлган фундаменттин өзөгү болуп калды окшойт.  

“Ички Монголия менин Кытай жергесиндеги үйүм” 

Кытай Эл Республикасы акыркы жылдары абдан ыкчамдык менен тез өнүгүү жолунда келе жаткандыгын бардыгыбыз билебиз. Мен бул өнүгүүнү өзүм сезип, өзүм көрдүм десем да болот. Себеби, мен 2011 – жылы Хух – Хото  шаарына барганда, шаардын абалы бүгүнкү күндөгүдөй эмес болчу. Башкача айтканда “Жаңы Кытай” курула элек болчу. Ал эми андан кийин, бир жыл өткөндө барганымда Хух -  Хото шаары таанылгыс өзгөрүптүр деп айта албайм. Бирок заманбап шаарга айланганын көрдүм. Заңгыраган курулуштардан баштап, жаңы бизнес борборлору, дүйнөлүк бренд соода түйүндөрү жайгашып, көчмөндөр маданияты менен Кытай маданиятынын бириккен жерине айланган. 

Ал эми жергиликтүү калкы тууралуу айта кетсем, Кытай эли негизинен эле сыйчыл келишет. Эң эле жөнөкөй мисал, жолдон адашып же бир нерсени тактоо үчүн тааныбаган адамга кайрылсаң деле, ар дайым жардам берүүгө даяр экендигин көрүүгө болот.  Мындан сырткары кыргыз эли, моңголдор, ички моңголдор көчмөн эл болгондугуна байланыштуу кандайдыр бир деңгээлде ой – жүгүртүүбүз, салт – санаабыз, тамак – аштарыбыз дагы окшошуп кетет. Алар кыргыздардай эле этти жакшы көрүшөт. Эт тамактарын жебей калышса биздей эле сууктап кетишет. Сүт даамдарына дагы аябай басым жасашат. Кыргыздардай эле куруттун түрлөрүн жасап, абдан меймандос келишет. Ушул себептерден улам дагы бул аймактын элдери мага жакын сезилсе керек. 

“Ички Монголияны менин Кытайдагы үйүм” – деп атасам жаңылышпайм. Кыргызда жакшы сөз бар: “Суу ичкен кудугуңа түкүрбө” – деген, ошондуктан билимин алып, даамын таткан жерим мен үчүн ар дайым баалуу болуп кала бермекчи. 

Жаштарга кеңеш... 

Эч качан сыртка чыгып, башка мамлекетке барып билим алып келүүдөн, иштөөдөн коркпоо керек. Жаңыланып, башка дүйнөнү таануу заман талабы. Көпчүлүк ойлошу мүмкүн, акча болгондо гана чет жерде окууга болот деп, чындыгында андай эмес. Стипендиясы менен болгон программалар абдан көп. Азыр интернет аркылуу каалаган программаны таап деле, анкеталарын толтуруп, сынактарына катышып чет өлкөгө окууга кетсе болот. Мен ойлойм адамдын каалоосу күчтүү болсо, бардык нерсени аткарууга мүмкүн. Мунун артында тынымсыз эмгек, өнүгүү жатат, бирок жыйынтыгында жеңүүчү болуп, өзүңдүн гана эмес элиңдин дагы жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө эмнеге болбосун.    


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)